Нарын облусунун Кочкор районунда 15-февраль- Советтик аскерлер Ооган жергесинен чыгып кеткен күнүнүн 35 жылдыгы белгиленди. Анда 1979-1989-жылдардагы кандуу согушта шейит кеткен жоокерлерди эскерүү болду.
Алтынай Нурдинова учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация бөлүмүндө 4-курста билим алат. Ал өлкө башчы Садыр Жапаровдун Президенттик стипендиясына татыктуу болгон. Каарманыбыз окуудагы ийгиликтери тууралуу ой-бөлүштү.
Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде башталгыч класстарда «Окурман үй-бүлө» конкурсу өтүлүп жатат. Конкурска ар бир класстан ата-энелер балдары менен бир китепти тандап алышып, ошол китеп боюнча конкурска …
КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим” жана “Билим берүүнүн негиздерин чыңдоо” долбоорлорунун алкагында Базар-Коргондо билим берүүнүн жаңы доору ачылууда.
Тогуз-Торо районунун 9-10-11-класстар арасында Жаңы-жылга койгон максаттарым темасында сынак уюштурулган. Сынак окуучулардын кышкы каникулун пайдалуу өткөрүү максатында уюштурулду. Иш-чара Тогуз-Торо ФМ радиосу тарабынан өткөрүлүп, комиссия тарабынан аныкталган эң таамай жана …
Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 75 алдыңкы студенттери Президенттик стипендияга ээ болушту. Тогуз-Торо районунун 21 жаштагы тургуну Кайрат Жолой уулу 75 алдыңкы студенттин катарын толуктады.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде окуган таланттуу окуучу Жумабай сүрөткө жан киргизип тарткан өнөрлөрү бар. Ал «тигүүчү» кесибинде окуйт. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан билимге умтулуп, өнөр кесип …
Ак-Талаа районунун бардык айыл өкмөттөрүндө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун колдоосу менен зордук зомбулукка каршы иш чаралар өткөрүлдү.
9-декабрь «Коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө» карата Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан райондогу мектептер арасында «Биз коррупцияга каршыбыз» аттуу иш чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында «Мыкты видеоролик» жана «Мыкты плакат» номинациясы …
Ноокаттагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинде Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында акыл таймашы уюштурулду. катышты. Таймашты мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Гүльмира Жолдошева жана Мадалиева …
«Үй бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу» боюнча 16 күндүк акциянын алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Долон айылында алдын алуу иш-чаралары болуп өттү.
9-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде кесипти туура тандоо багыты боюнча тренинг болуп өттү.
Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Таза коом» тобу «Жаратман жаштар» долбооруна катышып, мектепке радио түйүн ача алышты.
Ак-Талаа районундагы Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүндө өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулукту алдын-алуу жана болтурбоо максатында иш-чара болуп өттү. Ага райондогу орто мектептердин жогорку классынын окуучулары, ата-энелери, укук коргоо жана коомдук уюмдардын …
Базар-Коргон райондук администрациясы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде «Ч. Айтматов жана биз» аттуу дебат оюну Ооган-Талаа айылында уюштурулду.
Жарманке 22-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Баткен JIA бизнес ассоциациясы, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Германия Өкмөтүнүн эл аралык …
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде эмгектенген Нургүл Абылкасымова 16 жылдан бери ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды “тигүүчү” кесибине үйрөтөт. Көп жылдык эмгек тажрыйбасы менен ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жумушсуз жарандарга …
Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаы-Жер айыл аймагына караштуу мектептерде жана №43-кесиптик лицейде окуучулар менен иш алып барган жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлор медиасабаттуулук, жаш өспүрүмдөр менен эффективдүү байланыш түзүү …
Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектептин алдында “Мээримдүү тыйын” аталышында акция болуп өттү. Иш чаранын уюштуруучусу “Элим барсыңбы?!” кайрымдулук фондунун Таластагы жетекчиси Мирлан Ажыкуловдун айтымында мындай акция бир жылда май …
Чуй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейинин «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаттары» кесибинин окуучулары өндүрүштүк практикалык сабагында, ГАЗ-52 унаасынын кыймылдаткычтагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана кыймылдаткычты чогултууга даярдоо иштерин аткарышты.