Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөн тургундары 10 жылдык майрамдык кечеден баш тартышкан. Анын ордуна айылдашынын эскилиги жеткен үйүнүн жанына жаңы там салып берүүнү чечишкен. Канай Эшенкулов Кыргызстан айылындагы …
Түп районундагы Тасма айылынын тургуну Гүлзат Чекирова үйдө жөн олтурбастан токуу иштери менен алек. Ал баш кийим, жакет жана кичине балдар үчүн жиптен кийимдерди токуйт.
Ооган-Талаа айылындагы Далбаев орто мектебинде музыкант Рахат Аматова 2015-жылдан бери иштеп келет. Талантуу эжеке комуз, аккордеон, пианино, ооз комуз, ямахада ойной алат.
Ноокат районундагы Куу-Майдан айылынын тургуну Абжапарова Чынаргүлгө өлкөнүн ар тарабынан эмдөөдөн өтүү үчүн келишет. Бул эмдөө урук уулочу болуп, ага таенесинен өткөн.
Учурда «бала белде, катын жолдо» деп жарандык никеде жашап жаткан жаштарыбыз көбөйгөнү чындык. Жарандык никенин кимге кандай пайдасы жана зыяны бар?
Суусамыр өрөөнү кымыз менен куруттун мекени деп айтылып келет. Себеби Бишкек Ош жолундагы сатуучулардын көпчүлүгү курут жана кымыз сатуу менен алектенишет. Чындыгында жолдо кетип бара жаткан адамга куруттун ар кандай …
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын чебери Аширова Райма кыздардын себин, курактарды, төшөктөрдү, жаздыктарды тигет. Ал 15 жашынан баштап тиге баштаган, курактын бир нече түрүн билет.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Терек айылынын тургуну 79 жаштагы Батыш апаны акыркы сапарга узатуу митинги болду. Узатуу зыйнатына ага-туугандары, жердештери, ички иштер бөлүмүнүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Баетов айылынын тургуну Жолборс эже өстүргөн жашылча-жемиштердин ичинен 25 килограммдык ашкабагын 1000 сомго сатты.
Токтоян айылындагы Мамбетова Анаркүл эне учурда 63 жашта. Анын небереси Алик уулу Арген төрт жашынан майып болуп калгандыктан энеси жалгыз багып келе жатат. Азыр Арген 20 жашка келди. Эч кимден эч кандай …
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Адинай Ажиева учурда атайын билим алып келип, айылдагы төрт чач тарачканалардын биринде чакан ишин жүргүзүүдө.
Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 9-11-класстар аралык “Күмүш түстүү күз” сынагы өттү.
Өспүрүмдөр арасында баңгиликтин алдын алуу максатында волейбол оюну өткөрүлдү. Оюн Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде болуп, ага облустук жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрү катышты.
Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин мугалими Анара Жаркынбаева Билим беруу министринин ардак грамотасына ээ болду. Жаркынбаева аталган мектепте башталгыч класстын мугалими болуп 36 жылдан бери эмгектенип келет.
Тасма айылынын тургуну Кекил Ишенбаева учурда 67 жашка келип калды. Кекил энени айыл тургундарынын бардыгы таанышат. Себеби кандай гана оору болбосун ага кайрылышат.
Учурда жогорку билимдүүлөр көп болгону менен өз кесибинин ээси болбостон башка нерсе менен алектенип келишет. Бул материалда Куланак айылында «жогорку билимдүүмүн, бирок жумуш жок» деп отура бербестен сүйгөн кесип таап алган …
Аялды керектүү деңгээлде кадырлаган коомдор дайыма бактылуу,эркин жана өнүккөн коомдор болот.Аялды барктаган коомдор артка кетпейт,алар дайыма өнүгүп демократиялашат.Ошондуктан аялдарды коргоо жана аларды кадырлоо бүт калктардын бир муктаждыгы.
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүнүн чатырын жаңылоодо “Ата-Мекен” партиясы жардам берген. Абалы начар болгон имараттын ички каналары реммонттолгон.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер күнү белгиленди. Иш-чарада алдыңкы мугалимдерге сыйлыктар берилди. 40 жылдан ашык иштеген ардагер мугалимдерди ардактуу эс алууга узатышты. Ошондой эле мектептин өзүн-өзү башкаруу уюмунун мүчөлөрү концерттик …
Шайлоо процессиндеги гендердик көйгөй тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты айылыбыздын тургуну, шайлоо процесстерине көп катышкан агайыбыз Султаналы Курманалиевичтен алсак.