Лейлек районуна караштуу Сумбула айылынын тургуну Кыдырали Тойчубаев өзүнүн үйүнүн алдына күнөскана курууда. Ага жалпысынан 347 726 сом каражат кеткен.
Муборак Юлдашева Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну. Ал көп жылдардан бери өзүнүн айылдаштарына жардам берип, калк арасында урмат сыйга ээ адамдардын бири.
Түп районуна караштуу Тасма айылында ыр кесе майрамы уюшулабы, деген суроого жергиликтүү бийликтен жооп издедик. Жергиликтүү бийликтин ыр кесе майрамын уюштуруучусу Динара Сыдыкова менен маек курдук.
Андарактык, Манас орто мектебинин бүтүрүүчүсү Уулман Абалбаева президенттин «Үмүт» стипендиясына татыды. Уулман учурда БатМУнун англис тили адистиги боюнча 3-курста окуйт.
Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде “Күз периси-2016” сынагы болуп ѳттү. Бул сынака алты кыз катышып, баш байгени Канымгүл Темиркан кызы жеӊип алды.
Токтоян айылынын тургуну Жумакан Канкелдиева шырдакка кооз жана татаал оюуларды түшүрүп, үй көркүн ачкан шырдактарды жасайт. Жумакан эненин эмгегин жалпы айыл билет. Азыр деле анын кардарлары көп.
18 ноября 2016 года Фонд Национального Красного полумесяца по Таласской области организовали встречу двенадцати сообществ.
Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде гүлдѳр кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү. Кѳргѳзмѳнүн шарттары ар бир класс бештен гүл алып келип, алардын кайсы мамлекетен чыкканын жана кандай пайдалуу жактары бар экенин …
2012-жылдан бери Терек-Суу айылында “Ак элечек апалар” жалаӊ аялдардан түзүлгѳн топ ѳз ѳнѳрлѳрүн элге тартуулап келет. Бул топ кѳптѳгѳн кароо-сынактарга катышып байгелүү орундарга илинишкен. Биз ал топтун мүчөлөрү менен маектештик.
Быйыл Учкун айылынын тургуну Анипа Баймурзаева 105 жашка чыкты. 100дөн ашкан айылда бир гана жашоочу бар. Анипа апа 10 баланын, 68 неберенин, 130дан ашуун чөбөрөнүн энеси.
Айыл тургундары алое гүлүнүн даарылык касиетин билишип, аны үй шартында гүл да, дары да катары колдонуп көнүп калышкан. Кыргызстанда бул гүл өспөсө да, аны башка мамлекеттерден көчүрүп келишип колдонушат.
Айыл тургуну ФАОдон алган ую шарп менен ылаңдаганын, андан башка уйларга да жугуп жатканын айтты.
Түп районундагы Токтоян айылынын тургундары арча көп ооруларды алдын аларын билишип, аны үй шартында да өстүрүп алышууда. Айыл тургундары арчаны барктап-баалап колдонушат жана анын касиеттерин билишет.
«Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо долбоору «Исан-Лейлек» коомдук фонддору жана ACTED уюмдары жана Баткен Айылдык Кеңеш кызматы иш жүзүнө ашырып жатат.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде Шааркүл Жунушова 12 жыл башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген. Ал 50 жашында пенсияга чыгып, учурда үй тиричилиги менен алек.
Айылда суук түшүп, кыш мезгили жакындап калды. Кышка айыл тургундарынын кээ бири даяр болсо, башкасында даярдык жок. Ушунун негизинде тургундардан кышка даярсызбы? Эгер даярдыгы жок болсо эмне үчүн деген суроолорду …
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан уюштурулган “Келечекке инвестиция” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды. Улуттук Банк каржылык сабаттуулук, банктын кызматтары, пластик карталар жана башка темаларды камтыган ЖМКлардын макалаларын угуп, окуп көрүп …
Токтогул районунда таланттуу апалардан түзүлгөн “Ак-Бакай” айымдар тобу маданият жаатында ийгиликтүү иштеп келишет. Бул топ 2013-жылы ак элечекчен апаларды чогултуп, “Ак-Бакай” айымдар тобу иштей баштаган. Ар кандай майрамдарда жана иш-чараларда …
Илгертен эле кыздарга сеп берилип, ушул күнгө чейин бул каада салт сакталып келе жатат. Бүгүнкү маек Ак-Моюн айылынын тургуну Сажира эженин чоң энесинен белекке келген чачбагы тууралуу болмокчу.
Күз келип, айлана сары түскө боёло баштады. Бул мезгилде тоодогу малдар айылга келишип, жер-жемиштер, эгиндер жыйнала баштайт. Күз мезгили учкундуктар үчүн кандай мааниде экендигин билуү үчүн суроолорду узаттык.