Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 8-мартка карата «мектебимдин перилери» аттуу сынак өткөрүлдү. Ал сынакка 8-9-10-11-класстарынын кыздары катышып, 11-класстын окуучулары жеңишке жетишти.
Жайнакова Жылдыз Курсановна Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы С. Абдылдаева атындагы орто мектебинин ардактуу мугалими.
3 марта учитель ИЗО и труда Дыйканбаева Эленора вместе со своими учениками провела мастер – класс по рукоделию учителям школы.
Наши учителя будут участвовать в конкурсе “Сармерден” посвященный празднику Нооруз.
Түп районуна караштуу Токтоян айылынын ФАО жааматы “Айымдарга ыр десте” аттуу концерт өткөрүштү. Концертти аталган уюмдун мырзалары уюштуруп, келе жаткан айымдарын эл аралык күнүнө арнады.
“Көнөк” мультимедиа борбору Кызыл-Туу айылынын айымдарын 8-март Эл аралык аялдар майрамы менен куттуктайт! Кызыл-Туу айылында 3844 айым жашайт. Алар мекемелерде, мектептерде, заводдордо, цехтерде, сатуу тармагында, дыйканчылыкта жана башкаларда эмгектенишет. 8-март …
Шатемирова Валентина Чоноевна Кызыл Туу айылына эмгеги синген аялзатынын бири, муниципалдык кызматынын отличниги. Быйыл Валентина Шатемирова айыл өкмөтүндө катчы болуп иштегенине 13 жыл болду.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында жайгашкан «Раушан-Учкун» бала бакчасынын жетекчиси Мамырбаева Талай эже менен маек курдук.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин алдыңкы биолог мугалими Апилова Назгүл эже менен болгон маек.
«Ар бир кызмат адам көңүлүнө из калтырат» дегендей Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин директору Арзыгүл Шарабидиновага бул кызмат көңүлүнө кандай из калтыргандыгы тууралуу маек курдук.
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын спорт сарайында кыздар арасындагы аймактык волейбол оюну болуп өттү. Ага жети айылдын мектеп окуучуларынан түзүлгөн курама командалары катышып, Чоң-Тогузбайдын волейбол командасы 1-орунду алды.
Для того чтобы быть хорошим учителем надо обладать многими положительными качествами характера, умениями, знаниями, навыками. С такими качествами в школе села Кызыл-Туу 48 лет работает Надежда Александровна и она дала …
Түп районуна караштуу Токтоян айылынын таланттуу окуучуларынын бири -бул манасчы кыз Айсырга Шаршеева. Мугалимдердин айтуусуна караганда, Айсырга «Манасты» мыкты айткан өзүнүн таланты бар.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучулары жылда өтүүчү “Жаш таланттар” сынагына даярданып жатышат. Даярдыктар кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу мектептин музыка мугалими Жумагүл Өмүровага кайрылдык.
Йога — Индиянын байыркы тилинен которгондо «көнүгүү», «гармония» дегенди түшүндүрөт. Йога адамдын ачыла элек мүмкүнчүлүктөрүн ачууну көздөп, адамдын өзүнө ишенүүсүн күчөтөт.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде Ак-Талаа районундагы мекеме-ишканалардагы кыз келиндер арасында өтмө кубоктун кезектеги оюну болуп өттү. Мелдешке бул жолу сегиз команда катышып, райондук “Тынчтык” балдар бакчасынын эмгек жамааты уюштурду.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндө жалпы 186 баатыр эне бар. Аларга мамлекет тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлөт, алардын жашоосу кандай болуп жатканы тууралуу билип көрдүк.
Куланак айылындагы №14 китепкана 11 жылдан бери иштеп келе жатат. Китепкана тууралуу биз Бактыгүл Усубалиева менен маек куруп келдик.
Бермет Бакытбекова үч жылдан бери Баетов айылындагы Тайлак спорт мектебинде күрөш боюнча машыгат. Спорттун бул түрү боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетишип, райондук турнирлерден баштап республикалык турнирге чейин барып келген.