Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Аялдар

Ноокатта айымдар арасында волейбол таймашы болду

Ноокат районуна караштуу Кенеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылында аялдар арасында волейбол болуп өттү.

5 Март 2018 жыл 15:23

Талас шаарындагы Кызыл Ай Коому көп адамдарга жардам берип келет

Кыргызстан Кызыл Ай Коому гуманитардык ишмердүүлүгүн 1926-жылдан бери аткарып келе жатат. Уюмдун миссиясы өлкөнүн бардык жети аймагы боюнча калктык аярлуу топторунун жашоосун жакшыртууда жана жеңилдетүүдө. Ал эми бүгүнкү күндө Талас …

28 Февраль 2018 жыл 11:57

Жаңы шайланган аким Учкун айылына келди

Бүгүн Нарын районуна караштуу Учкун айылына жаңы шайланган акими Семетей Черикбаев келип, айыл тургундары менен таанышып, айылдын көйгөйлүү  маселелерин угуп, убада берип кетти. Аталаган чогулушта эң маанилүүлү көйгөй болуп таза …

27 Февраль 2018 жыл 16:15

Талантты да багыш керек

Нарын районунун Куланак айылынын тургуну Жылдыз Абдыразакова көп кырдуу таланттын ээси. Ыр жазуу, кийиз, жүндөрдү иштетүү, курак куроо менен алектенет.

25 Февраль 2018 жыл 13:25

Шаңкол айылына азык-түлүк дүкөнү ачылды

Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылына азык-түлүк дүкөнү ачылды. Бул дүкөндү курууга 350000 эсебиндеги каражат сарпталган. Бул дүкөндө азыркы учурда 150000 сомдук азык-түлүктөр бар.

24 Февраль 2018 жыл 11:57

Кыргызстандагы адам укуктары боюнча кырдаалга баа берүү форуму болду

Бүгүн Талас шаарындагы Байбол ресторанында “Кыргызстандагы адам укуктары боюнча кырдаалга баа берүү”- темада форумга Талас облусунун ыйгарым өкүлчүлүгүнүн орун басары, Талас, Манас, Кара-Буура райондорунун акимчилигинин өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, …

21 Февраль 2018 жыл 21:29

«Ак кептер» айыл үчүн ийгиликтүү иштеп келе жатат

Жайыл районунун Кара-Суу айылында “Ак кептер” аттуу мультимедиа борбор жайгашкан. Бул жамааттык медиа борбор 2013-жылы февраль айында ЮНЕСКОнун жардамы менен ачылып, ишке кирди. Борбордун координатору-Чакчагаев Султаналы-Кара-Суу орто мектебинин мугалими. Ал …

13 Февраль 2018 жыл 20:28

13-февраль — Бүткүл дүйнөлүк радио күнү

«Бүткүл дүйнөлүк радио күнү – бул 2012-жылдан бери эле белгиленип келе жаткан майрам. 2011-жылы ЮНЕСКО нун Генералдык конференциясында бул күндү “Бүткүл дүйнөлүк радио күнү” деп, белгилеп туруу боюнча чечим кабыл …

12 Февраль 2018 жыл 15:06

Кара-Суу айылынын сыймыкка татыктуу айымдары

Жайыл районунун Кара- Суу айылында орто мектеп бар. Ал орто мектепте 15 мугалим иштейт. Алардын көпчүлүгү аялдар. Биз мурунку чыгарылышта бир топ аялдар туралуу репортаж чыгарганбыз. Биздин бул чыгарылыштагы каарманыбыз …

11 Февраль 2018 жыл 15:31

Россиядан жумуш издеген айыл тургундары

Миңдеген Кыргызстандын жарандары бир топ жылдан бери Россияга барып иштеп, кайра келип, кайра кетип жатышат. Мисалы, Кара-Суу айылынан бир топ кыз-келиндер, үй-бүлөлүү жаштар балдарын чоң эне, таенесине таштап коюшуп, Россияда, …

7 Февраль 2018 жыл 20:15

«Бапа берметтери» шайыр апалар тобу отчеттук концерт тартуулашты

Үстүбүздөгү жылдын 31-январда Бапа элинин таланттары «Бапа Берметтери» шайыр апалар тобунун отчеттук концерти болуп өттү. «Бапа берметтери» тобу 2016-жылы жергиликтүү тургундардын арасынан талантуулар тандалып уюушулган. Бул топ буга чейин да …

3 Февраль 2018 жыл 22:26

Айыл тургуну үч бөлмөлүү батир утуп алды

Орок айыл өкмөтүндөгү Кашка-Баш айылынын тургуну Айнура Беркутова 1998-жылдан тартып, үй-бүлөсү менен чакан соода борборун иштетип келет. 23-январда «Аю» компаниясы тарабынан «Үч бөлмөлүү батирдин» сертификатына ээ болду.

2 Февраль 2018 жыл 18:18

Сүрөт баян: Кыш мезгилинин кереметтүү көз ирмемдери

Нарын районуна караштуу Учкун айылында кыш мезгили жылдагыга караганда быйыл жылуу. Кыштын кереметтүү көрүнүштөрүн сүрөт баян  менен сунуштайбыз. 

2 Февраль 2018 жыл 15:09

Учкун айылынын мугалими «Жаңычыл мугалим» наамына ээ болду

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшпай Токсобаев мектебинин биология мугалими Назгүл Апилова “Марал” радиосу интернет аркылуу жүргүзгөн тандоодо «Жаңычыл мугалим» наамына ээ болду.

2 Февраль 2018 жыл 11:53

Барскоон айыл аймагынын башчысы эң мыкты аталды

 Барскоон айылына жасаган иштери үчүн жыл башында Барскоон айыл аймагынын айыл башчысы Руслан Эшманбетов, КР өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун …

27 Январь 2018 жыл 21:20

Сүлүктүдөгү гимназияда имитация ыкмасы менен мастер-класс өтүлдү

27- январда Сүлүктү шаарындагы №9 гимназиясында жаш энелер үчүн «Энелер мектеби» программасы боюнча имитация ыкмасы менен мастер- класс өткөрүлдү.

27 Январь 2018 жыл 20:34

Учкун: Куланак жана Учкун айылдарынын көйгөйлүү маселелери боюнча долбоордук жыйналыштын жыйынтыгы

Нарын районуна караштуу Куланак айылында айылдагы көйгөйлүү маселелер боюнча 26-аянварда долбоордук жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка Куланак жана Учкун айылынын тургундары катышып, көйгөйлүү маселелерди презентациялап беришти жана эки айыл боюнча жалпы …

27 Январь 2018 жыл 14:06

Тогуз- Торо районунун “2017-жылдын мыкты салыкчысы” аныкталды

Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн “2017-жылдын мыкты салыкчысы” наамы Замира Мамбетакуновага тапшырылды.

24 Январь 2018 жыл 16:41

Учкун айылында жалгыз дарыкана элге кызмат кылат

Нарын районуна караштуу Учкун айылында төрт жылдан бери жалгыз дарыкана иштейт. Жаңы коюлган контейнердин ичи дары-дармектердин коюлушуна тардык кылып келет. 

24 Январь 2018 жыл 16:05

Айыл тургуну Мээрим комузду нотасыз чертүүнү өзү өздөштүргөн

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Мээрим Кожомкулова кичине кезинен бери комуз өнөрүнө кызыгып, учурда комуз ийримин ачууну пландап жатат. Бардык ырларды комуз менен ырдаган эже менен маек курууну чечтик.

24 Январь 2018 жыл 15:51

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...