Ош облусунун Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Жапар кызы Гүлзара эки, үч жылдан бери боор оорусу менен жабыркап келет. Бүгүнкү күндө Гүлзара боорун операция жолу менен алмаштыруу керек болуп жатат. …
Суусамыр айылында аз камсыз жана көп балалуу үй- бүлөлөргө атайын кайрымдуулук фонд (аты аталган жок) тарабынан көмүр, кышкы кийимдер таратылып, жардам көрсөтүлдү.
Мигрант болуп чет өлкөлөргө иштеп кеткен же убагында паспорт албай калган ата-энелердин жоопкерчиликсиз мамилеси балдарына кедерги болуп, мектепке окуганга чейин күбөлүгү жок балдардын саны Талас району боюнча 73кө жеткен.
Акыркы үч жылга салыштырмалуу Ак-Талаа районунда билим берүү тармагында өзгөрүүлөр байкалууда. Райондун аймагындагы мектептерде окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, аң-сезимин, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү максатында менталдык арифметиканы жайылтуу боюнча да иш-аракеттер жасалды.
Ооган- Талаа айылынан чыккан акын Токторалы Жапаров жөнүндө сөз болмокчу. Токторалы Жапаров 1950 -жылы Базар-Коргон районуна караштуу Көк -Алма айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Жапар Кошалиев, апасы Ислат …
«Бала бакчанын ачылышын көптөн бери күтүп жүргөнбүз. Эми жакынкы күндөрү балдарыбызды бакчага берет экенбиз деп сүйүнүп турабыз». Даярдаган: Тимур Мелисбеков
«Айыл Өнүктүрүү» коомдук фонду тарабынан түзүлгөн «Ак илбирсти сактайлы жана анын жашаган чөйрөсү » аттуу интерактивдүү картанын бетачары болуп өттү «Интерактивдүү картадан ак илбирстин жашаган аймагын, тарыхын, мөңгүлөр, тоо чокулары, …
Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков боюнча даректүү тасма тартылат. Исхак Раззаков фильмин тарткан, белгилүү Алим Токторов бул фильмде да башкы режиссёр болот.
Аталган айылда айымдар бири биринин ортосундагы мамилени бекемдеш үчүн ар бир айым чай берет. Айылдагы болгон жаңылыктарды айтышып, өзүлөрүнүн дагы сырлары менен бөлүшүшөт. Кассаны жаш айымдар гана ойнобостон кемпирлер да …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында сүттүн баасы 23 сомдон болуп жатат. Азыркы сүттүн баасына элдердин жай мезгилинде нааразычылыгы жок экенин жана кышында арзан болуп жаткандыгын айтышты.
Токтогул району боюнча айыл чарба жана үй жаныбарларынын арасында кутурма оорусу боюнча эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо, кароосуз калган ит, мышыктарды атып жок кылуу боюнча атайын комплекстүү иш чаралар аткарылды. Токтогул …
4 баланын энеси жана жалгыз бой эне Кундуздун үй-бүлөсү жардамга муктаж. Ден-соолугу начарлаганда күйөөсү таштап, башка үй-бүлө куруп кеткен. Кундуз Дүйшөбаева 1986-жылы Нылды айылында туулган. Бир кезде беш туугандын кенжеси, …
Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылынын Талас дарыясы төрт үйдүн короолорун суу каптап кетти.
Кенже класстагы окуучулардын туура, витаминдүү тамак-аштар менен тамактануусу-алардын жакшы билим алуусуна өбөлгө түзөт. Анткени өз убагында туура, витаминдүү тамактанган курсагы ток бала сабакты да жакшы өздөштүрөт, сынчыл ой жүгүртө алат, …
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын тез жардам бөлүмүнө 35 жыл дегенде жаңы унаа берилди.
Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтү боюнча той, мааракелерде ашыкча чыгымдар токтотулат.
Жакында Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кыз-келиндер арасында волейбол жана аркан тартыш боюнча райондук мелдеш уюштурулуп, ага жалпы беш команда катышты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында көптү күттүргөн муз аянтчасы балдардын купулуна толуп, айыл тургундарынын эс алуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.