Эл башына кыйынчылык келген чакта жергиликтүү кеңештин депутаттары да четте калбай, өз кызматтарын көрсөтүшүүдө. Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адыл Жусупбеков Талас районунун Талды-Булак айылындагы санитардык-карантиндик блок постко 1 даана жана …
«Айылга аранлган өмүр» подкастынын кезектеги чыгарылышындагы каарманы -Светлана Кенеева. Ак-Талаа районундагы орто мектепте биология мугалими болуп эмгектенген. Үй-бүлөдө 14 бир туугандын улуусу. «Лягушка прыгает» дегенден башканы түшүнбөгөн Света эже студенттик …
Ак-Талаа районунда орто мектептердин мугалимдерине азык-түлүктөн жардам берилди. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында мугалимдердин кесиптик бирлигин төрагасы Мирбек Сатындиев менен бирдикте мугалимдерге да өзгөчө кырдаалда колдоо көрсөтүү максатында …
«Айылга арналган өмүр» подкастынын жаңы чыгарылышында Ак-Талаа районундагы Э.Карсартов атындагы орто мектебинин мугалими Айна Жакыпова менен маектештик. Көркөм сөзгө чебер эже менен мугалимдердин бардык доордогу жашоосу, кыйынчылыктары, окуучулардын китебинин ижара …
«Айылга арналган өмүр» аттуу подкасттын бул чыгарылышында жаш мугалимдер Ширин Рыскелдиева жана Тураркан Нурдөөлөтова мугалимдик алгачкы жылдардагы кыйынчылыктар, жаңы коллективге көнүү жана ордун табуу үчүн жасалган аракеттер, сүйүү, үй-бүлөдөгү мамилелер …
Айылга арналган өмүр» подкастынын жаңы чыгарылышы даяр болду. Бул жолу бир топ жылдар аскер кызматында жүрүп, билим берүү тармагына кокусунан келип калган Каныбек агай менен жашоо, өмүр, сүйүү, үй-бүлө, бала …
“Айылга арналган өмүр” долбоорунун жаңы чыгарылышын сунуш кылабыз. Сиздерге мурда кабарлагандай бүгүн жалгыз бой мугалим эне менен маектешебиз. Каарманыбыз Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Нурзат Молдакунова.
«Айылга арналган өмүр» подкастымдын бул чыгарылышында мигрант мугалим менен маектештик. Мектепти таштап, мугалимдердин да мигрант болуп, сыртка чыгып кетиши өкүнүчтүү!
«Айылга арналган өмүр» подкастынын бул чыгарылышында Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин орус тили мугалими Нарынкүл эже менен аралыктан сүйлөштүк. «Жогорку окуу жайын сырттан окудум. Коркуу сезими болгон эмес. …
«Айылга арналган өмүр» подкастынын «Кыялы ишке ашпай калган Чолпон эже» деген аталыштагы биринчи чыгарылышын сунуштайбыз! Подкаст Ак-Талаа районунда мугалимдик, жетекчилик кызматтарда эмгектенип келген Чолпон Рысбаева жөнүндө болмокчу.
Учурдагы кырдаалга байланыштуу, аралыктан билим берүү шартында, окуучулардын үйдө сыналгы аркылуу телесабактар жана мобилдик байланыш аркылуу мугалимдеринин сабактары аркылуу билим алуусуна көз салып, уюштуруу жагы ата-энелердин камкордугунда болуп жатат. Педагогика …
Кара-Буура районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун ардагерлерине жана Чернобыль кырсыгынын, Афган согушунун ардагерлерине азык түлүктөр топтомун жөнөтүлдү. КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жеке …
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, БУУнун Балдар фонду, “Балдарды сактоо” уюму жана 50 уюмдун колдоосу менен “Сен – менин баатырымсың” аттуу жаңы китеп чыгарылды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, БУУнун Балдар фонду, …
Кайсы кесиптин ээси болсом деп ойлонуп турасызбы? Келечекте кайсы кесиптерге суроо талап көп болот? Кайсы жерде атаандаштык, айлык акы аз же көп экени тууралуу да ойлондуңузбу? Келиңиз, алган билими менен …
Талас шаарында жашаган жаштар өз ара топ түзүп жардамга муктаж болгон үй- бүлөлөргө жардам беришти.
Кара-Суу Жаштар Ынтымагы тарабынан Сары-Булуң айыл аймагына караштуу, Кара-Суу айылына кары картаң жана ишсиз үйдө отурган айылдаштарга жалпы жаштардын атынан материалдык жардам берилди. Буга чейин Кара-Суу Жаштар Ынтымагы айылдын …
Ак-Талаа районунда жазгы талаа иштери өз убагында башталып, өз убагында бүтүүсү үчүн айыл чарба штабы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө айдоо аянттарына суу кое берилди. Үч жарым миң гектарга жакын аянтты сугаруу …
Ак-Талаа районунда аз камсыз болгон, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үй-бүлөлөрүнө ар кандай гуманитардык жардам берилүүдө. Мындай категориядагы жарандар ар бир айыл өкмөттө кызматкерлердин, ыктыярчылардын жардамы менен аныкталып, тизмеси даярдалган. Келген …