Бул китепкана Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айлында 2013-жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келе жатат. «Социалдык акыйкатуулука жетүүгө ак-ниет башкарууну илгерилетүү долбоорунун» негизинде ачылган.
Кыргыз өкмөтү оң рулдуу автоунааларды коммерциялык максатта 2016-жылдан тарта пайдаланууга тыюу салды. Себеби, жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн бирден бир күнөөкөрү болуп оң рулдуу унаалар саналат дешүүдө.
Бакай–Ата айылындагы эски футбол аянтчасынын жанына жаңы үлгүдөгү кичи футбол аянты жасалып жатат.
Бул себептен айыл тургундары жана айдоочулар көптөгөн чыгымга учурап жаткандарын айтышууда.
Искра айылы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө карайт. Учурда бул айылдын окуучулары, мугалимдери жалпы жашоочуларынын кубанычтары койнуна батпай турган учуру. Себеби, курулушу 25 жылдан бери бүтпөгөн мектептин …
Кыргыз элинин салтын унутпай өзгөчө чеберчилигин мыкты деңгээлде өнүктүргөн апаларыбыз жаштарга өздөрүнүн чеберчилигин үйрөтүп келүүдө. Ошолордун бири Сумбула айыл округуна караштуу Искра айылынын тургуну Жороева Айзада.
Айыл тургуну Иманкулов Шайырбек жоголуп бара жаткан каз таман тракторун желим дөңгөлөктүү тракторго айландырды.
Кара-Суу айылындагы «Ботогоз булак» бакчасынын тегереги курчалбай, бакчага көнбөгөн балдар терезеден качып кеткен учурлары катталган. Эми бакчанын жетекчилиги Бириккен улуттар уюмунун өнүктүүрүү программасына долбоор жазып утуп алышкан. Бул тууралуу Туратбекова …
Мамлекеттик тил майрамынын 25 жылдыгына карата Кара-Суу орто мектебинде тил майрамы шаңдуу белгиленди. Даярдаган: Эркайым Азаркулова
Терек-суу айылында жумуш жоктугуна байланыштуу жаштар чет мамилекетке эмгек мигранты болуп чыгып кетишкен. Алардын көбү Орусия мамлекетинде эмгектенишет. Чет мамлекетке чыгып кеткен жаштардын саны туралуу Терек-суу айылынын статист экономисти Солпиева …
Терек-Суу айылында эн орчундуу маселелердин бири жаш үй бүлөлөргө турак-жай салганга жер жетишпей келет.Ушул маселенин айынан бир үйдо 3-4 үй-бүлө чогуу жашаганга мажбур болушууда. Көп балалуу Нурчакан апа да балдары …
Кетмен-Дөбө айыл аймагында караштуу Терек-суу жана Чон-арык айылдарында ПРООНдун ак-ниет башкаруунунун илгерилетүү долбоорунун негизинде электрондук китепкана ачылды.
Бул программалар сериясы Алматы шаарындагы ЮНЕСКО бюросунун колдоосу менен Коммуникацияларды өнүктүрүү эл аралык программасынын тренингдеринин алкагында түзүлгөн. Программалар жергиликтүү проблемаларды жана аларды чечүүнү кыргызча уктурат. Орусча кыскача аннотациялар берилген.
Исфайрамдын жээгинде жайгашкан чайканалардын шарты жакшы болгондуктан коңушу мамлекеттер Өзбекстан жана Таджикстандан мурда эс алуучулар келип турганын айтат, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн экономисти Марасулов.
Түп районуна караштуу Токтоян айылында 400дөй калк жашайт. Аны жергиликтүү фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) эки кызматкери тейлейт.
Токтояндын 42 жаштагы тургуну Жаңыл Асырбаева мамлекеттен жөлөк пул ала албай келгендигин айтат. Айыл өкмөт кызматкеринин билдиришинче, алардын үй-бүлөдөгү материалдык абалы жакшы, ошондуктан аларга жөлөк пул берилбейт.
Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун (КГПИ) биология жана педагогика факультетинин мугалимдери жана студенттери Абшыр-Атада бир апталык практикада болушту. Май айынын аягындагы бул практиканын жүрүшүндө алар өсүмдүктөр менен таанышып, гербайрийлерди жасаган.
Азыр сугат мезгилинде суу азайып, ага кошумча айрым айылдарга суу жетпей жаткандыгын айтышат жергиликтүү тургундар. Мындай маселени чечүү үчүн айыл өкмөт сууну кезектешүү жолу менен бөлүп берүүдө.
Май айы Куланак эли үчүн оор айлардын бири болду. Анткени мал жандыктары пастереллёз жана шарп илдети менен майдан бери ооруп, азыркыга чейин дарылоо иштери жүрүүдө.
Ооган-Талаа айылына спорт зал курулмакчы — ага жалпысынан 14 миллион сом акча кетет жана эки айда курулуп бүтөт, деп билдирди Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов.