Кыргызстандын коомдук телеберүү корпорациясынын окуу-ресурстук медиакоммуникация борборунда 2014-жылдын 6-10-июль күндөрү “Аймактардагы ишенимдүү окуяларга таянып телесюжеттерди издөө жана түзүү” семинары болуп өттү. Аймактардагы телекомпаниялардын чыгармачыл топтору аймактын өнүгүүсү тууралуу өздөрүнүн телепрограммасын …
Азыр сугат мезгилинде суу азайып, ага кошумча айрым айылдарга суу жетпей жаткандыгын айтышат жергиликтүү тургундар. Мындай маселени чечүү үчүн айыл өкмөт сууну кезектешүү жолу менен бөлүп берүүдө.
Учкунда таза суунун токтоп калышы көнүмүш көрүнүшкө айланды. Кээде 1-2 күндөп суу болбой калат. Айыл башчы Касымакун Мамырбаев муну тургундардын таза сууну сарамжалдуу колдонбогондугуна шылтайт.
Чүй обласында жайыл районунун Кара-Суу айылында суу маселеси өтө курч болуп келет. Жаз келгенден баштап күзгө чейин суу талашуу адатка айланган.
Айылда суу түтүгүндө суу болбой калганда токтояндыктар сууну булактан алышат. Бирок акыркы кезде ал жерден суу алгандан чоочулап калышты.
Июндагы жаан-чачынды Токтояндыктар катуу кубануу менен кабыл алышты. Жазгы айлар кургакчыл болгондуктан айдоо талаалар саргайа баштаган.
Былтыркы жылга караганда быйыл жаан-чачын аз болуп, айдоо жерлери кургап, дан осумдуктору жабыр тарта баштаган.
Айылда бала бакчанын ачылганына төрт жылдын жүзү болду. Ачылгандан бери бала бакчанын кызматкерлери керектелчү 200-300 литр таза сууну 100 метр алыстыктан ташып келишет.
Уч-Коргон айылында азыркы убакта элдин көпчүлүгү арыктан суудан ичет. Бирок, ал суунун тазалыгы күндөн күнгө начарлап барат. Бул айыл тургундарынын ден соолугуна чоң коркунучтарды туудурат.
Нарын районунун Учкун жана Сары-Ой айылдарына тоннель менен агып келген суунун үстүнөн унаа жолу өтөт. Мындан улам суу тоннели оңдоп-түзөөгө муктаж. Өз убагында бул иштер аткарылбаса, айыл тургундарына чоң коркунуч жаралат, дейт Учкун айылынын башчысы.
«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Куланак айылында ичүүчү суунун бат-баттан токтотулушу тургундардын турмушуна кандай таасир этүүдө, деген суроого жооп алуу үчүн диктофон менен фотоаппаратыбызды алып көчөгө чыктык.
«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Орок айыл аймагында бюджеттин тартыштыгына байланыштуу аймактардагы суу түтүктөрү СССР убагынан бери жаңылана элек. Учурда суу түтүктөрдүн тешигинен суу сызып агып жаткандыктан, келген суунун белгилүү бөлүгү жолдо эле жок болууда, дейт айыл аймагынын башчысы Аида Бейшенова.
«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын көчөлөрүнүн биринде ичүүчү суучоргосу жок болчу. Алар айыл түптөлгөндөн бери эле ичүүчү сууну жарым чакырым аралыкты басып өтүп алып келишкен.
«Таза суунун жеткиликтүүлүгү» иш чарасынын алкагында даярдалды
Кадамжай районуна караштуу Уч-коргон айылында “Колосок” балдар бакчасы совет доорунан бери кызмат көрсөтүп келет. Жалпы эле айылдагы таза суу көйгөйү учурда балдар бакчасына да терс таасирин тийгизүүдө. Бакчанын кызматкерлери курулган суучоргосун (Колонка водопроводная) иштетип берсе дешет.