Ак-Талаа районунун 16 жаштагы балбаны Бердибек Боогачиев грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды.
Бүгүн Ак-Талаа районунун «Бермет-Жал» ат майданында улуттук ат оюндарын сүйүүчүлөр тарабынан облустук деңгээлде ат жарыш оюндары өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.
Базар-Коргондо «Волейбол» жана «Кичи футбол» спорттук оюндары боюнча айыл аймактар жана мекеме-ишканалардын эркектер арасында мелдештер уюштурулду.
Кыргызстандык футболист, тагыраак айтканда Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында 2000-жылы туулган Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович Азия чөлкөмүндө экинчи ирет «Апта оюнчусу» болуп табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.
21-мартта Чолпон-Атада өтүп жаткан көк-бөрү боюнча мелдеши аягына чыкты. Жыл сайын аталган оюн Нооруз майрамына карата өткөрүлөт. “Нооруз 2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шерниязовдун жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, …
Токтогул районун Арал айылынын жашоочусу 1959-жылы туулган Анарбек Уметалиев Бишкек шаарында өткөн 60 жаштан жогорку 4 км аралыкка чуркоо боюнча марафондо биринчи орунду багындырды.
Мелдешке ар райондон 6 команда катышты. Мындай мелдештер жыл сайын өткөрүлүп турат.
Үстүбүздөгү жылдын 21-февраль күнү Төлөк айылында чоң масштабдагы кыргыз элинин улуттук оюну көк бөрү болуп өттү. 5 айылдан тандалып алынган мыкты командалар келип, өз айылдарынын намысын татыктуу коргошту.
Токтогул райондук футбол клубу 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата кыздар арасында футбол оюну боюнча турнир өткөрүп берди. Турнирге 2007-2008-2009-жылкы окуучу 80ден ашык кыздар катышты.
Орто — Нура айылында Нарын районунун 90 жылдыгын утурлай райондук деңгээлде шахмат турнири өткөрүлдү. Турнирге ар бир айылдан барып катышышты.
Учурда көк бөрү оюну жаштар арасында кызыгуу жаратып белгилүү болууда. Ар кандай майрам, тойлордо айылдыктар үчүн улак уюштурулуп ага катышуучулар дагы көп болот. Деген менен оюн убагында жаракат алып ден-соолугуна …
Ак-Талаа районунда Аялдардын Эл аралык майрамына карата мугалимдер арасында волейбол оюну боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдешке Тогуз-Тородон 2 бала, 2кыз катышып, байгелүү орундарга жетишти.
Нарын районуна караштуу А.Аралбаев мектебинде мекенди коргоо күнүнө карата спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Токтогул районунда Көк бөрү федерациясы түзүлүп, федерацияны колдоо максатында Токтогул району боюнча айыл өкмөттөр көк бөрү оюнун жер-жерлерде өткөрүп беришүүдө. Кезектеги оюн Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө өткөрүлдү.
Кочкор районун Төлөк айылында түзүлгөн көк бөрү боюнча «Соң – Көл» командасы 1-февралда ынтымак оюн өткөрүштү.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында көк бөрү командасы бар. Командалар айыл ичиндеги жана райондук деңгээлдеги уюштурулган оюндарга катышып турат. Оюн учурунда ар кандай ден- соолукка терс таасирин тийгизген учурлар да …
Сокулук районунун Кызыл – Туу айыл өкмөтүнө караштуу Исмаил айылында кунан чабыш болуп өттү. Кунан чабыш жөнүндө маалыматты Исмаил айылынын тургуну «Аргымак» федерациясынын комиссиясынын мүчөсү Талант Касымалиев билдирди.
Кара-Суу айылына караштуу №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинде 2021-жылдын 22-январында озгочо кырдаалда ден соолукту чыңдоо максатында окуучулар арасында «Алдыңкы баатыр» аталышындагы кышкы спорттук оюну өткөрүлдү.
Тасма айылында күрөш, волейбол, баскетбол, футбол ийримдери бар. Бирок азыр элетте жаштардын спортко болгон кызыгуулары жоголду. Мугалимдер уюлдук телефон, интернет жаш балдарды азгырууда дешет.