Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Куланак: Сокеев көчөсүнүн тургундары таза суу жана таштандыга көңүл бурулуусун суранат

Куланак айылындагы Сокеев Шүкүрбек көчөсүнүн жашоочулары эки суу алуучу түтүктүн ортосунда таштанды ыргытылган аңдын тазалап берүүсүн айыл өкмөттөн суранган. Муну айыл башчысы Жетиген Мокеев акча каражаты которулбай жаткандыгы менен түшүндүрдү.

26 Август 2014 жыл 18:44

Аймактардан келген теле кызматкерлер ЖМБлар менен кызматташууну үйрөнүштү

Кыргызстандын коомдук телеберүү корпорациясынын окуу-ресурстук медиакоммуникация борборунда 2014-жылдын 6-10-июль күндөрү “Аймактардагы ишенимдүү окуяларга таянып телесюжеттерди издөө жана түзүү” семинары болуп өттү. Аймактардагы телекомпаниялардын чыгармачыл топтору аймактын өнүгүүсү тууралуу өздөрүнүн телепрограммасын …

22 Август 2014 жыл 11:44

«Элдик микрофон» уктуруулар сериясы

Narrator of CR Kemin FM
Бул программалар сериясы Алматы шаарындагы ЮНЕСКО бюросунун колдоосу менен Коммуникацияларды өнүктүрүү эл аралык программасынын тренингдеринин алкагында түзүлгөн. Программалар жергиликтүү проблемаларды жана аларды чечүүнү кыргызча уктурат. Орусча кыскача аннотациялар берилген.

30 Июль 2014 жыл 12:38

Үч-коргондо жайгашкан Исфайрам дарясынын жээгине эс алуу үчүн чайканалар ачылган +аудио

Исфайрамдын жээгинде жайгашкан чайканалардын шарты жакшы болгондуктан коңушу мамлекеттер Өзбекстан жана Таджикстандан мурда эс алуучулар келип турганын айтат, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн экономисти Марасулов.

25 Июль 2014 жыл 12:08

Токтояндын ФАПында эки медайым элге кызмат көрсөтөт + аудио

image-330.jpg

Түп районуна караштуу Токтоян айылында 400дөй калк жашайт. Аны жергиликтүү фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) эки кызматкери тейлейт.

23 Июль 2014 жыл 18:52

Токтояндын жаш баатыр энеси Жаңыл Асырбаева жөлөк пулга жетпей келет + аудио

Rita_baatyrene_toktoyan_mixdown (2)

Токтояндын 42 жаштагы тургуну Жаңыл Асырбаева мамлекеттен жөлөк пул ала албай келгендигин айтат. Айыл өкмөт кызматкеринин билдиришинче, алардын үй-бүлөдөгү материалдык абалы жакшы, ошондуктан аларга жөлөк пул берилбейт.

16 Июль 2014 жыл 13:14

КГПИнин студенттери теориялык билимин өркүндөтүү үчүн Абшыр-Атага барышты + аудио

S

Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун (КГПИ) биология жана педагогика факультетинин мугалимдери жана студенттери Абшыр-Атада бир апталык практикада болушту. Май айынын аягындагы бул практиканын жүрүшүндө алар өсүмдүктөр менен таанышып, гербайрийлерди жасаган.

16 Июль 2014 жыл 13:04

Кулатов айыл аймагында сугат суу кезек менен берилет + аудио

wpid-20140708_1559121

Азыр сугат мезгилинде суу азайып, ага кошумча айрым айылдарга суу жетпей жаткандыгын айтышат жергиликтүү тургундар. Мындай маселени чечүү үчүн айыл өкмөт сууну кезектешүү жолу менен бөлүп берүүдө.

14 Июль 2014 жыл 11:33

Кызыл-Булактагы оорукананын шарты талапка жооп бербейт

image-242.jpg

Бул оорукана 1989-жылы 25-декабрда пайдаланууга берилген. Союз доорунан кийин суу түтүктөрү бузулуп, калкты тейлөө начарлап кетти, дейт оорукананын башчысы Азим Абдилазимов.

11 Июль 2014 жыл 11:21

Куланакта былтыркыга салыштырмалуу мал оору быйыл көп катталууда + аудио

Erkinaika0465

Май айы Куланак эли үчүн оор айлардын бири болду. Анткени мал жандыктары пастереллёз жана шарп илдети менен майдан бери ооруп, азыркыга чейин дарылоо иштери жүрүүдө.

9 Июль 2014 жыл 12:36

Ооган-Талаада жаңы спорт зал курулат + аудио

Abdy-oogantalaa-sportzal (3)

Ооган-Талаа айылына спорт зал курулмакчы — ага жалпысынан 14 миллион сом акча кетет жана эки айда курулуп бүтөт, деп билдирди Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов.

7 Июль 2014 жыл 17:11

Токтояндык экономист Нурлан азыр айылда устачылык менен алектенет + аудио

Rita_Aiyldyk_usta_toktoyan (1)

Токтоян айылынын 36 жаштагы тургуну Нурлан Маматкулов өзүнүн усталык өнөрү менен айылга салымын кошуп келүүдө.

7 Июль 2014 жыл 12:09

Абшыр-Атада эс алуу эмес, ага жетүү кыйын + аудио

AAta5

Жай мезгилинде алыс жана жакында жашаган эл эс алуу үчүн Абшыр-Атага барууну самайт. Бирок ал жактын жолунун начардыгы аларга ыңгайсыздык жаратканын айтышат.

5 Июль 2014 жыл 13:10

Кызыл-Булакта балдар жайкы эс алууда эмне кылышат?

wpid-20140630_102535

Биздин максат балдардын жайкы эс алуусун пайдалуу жолдор менен өткөрүү. Биз балдар менен маек курганда алар көп убактысын үйдө үй жумуштары менен өткөрүүсүн айтышты. Алар үй жумуштарын эле аткарбастан ата-энелерине да жардам берип турушаарын айтышат.

5 Июль 2014 жыл 10:13

«Кыялым орундалбай калды»

1404532699_tmp_Foto0468__1_

Акжигит уулу  Майрамбек Жалал облусунун Оогон Талаа айылында жашайт. Үч бир тууган. Ата энеси Жалал-Абад шаарында дүкөн иштетет.

5 Июль 2014 жыл 9:56

«Келечекте скульптор болгум келет»

23 Шермат уулу Бакыт 1999-жылы Жалал-Абад облусунун, Базар-Коргон районунун, Ооган-Талаа айылында туулган. Учурда №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 8-классын аяктады, келечекте чоң скульптор болсом деген тилеги бар.

4 Июль 2014 жыл 15:59

Ноокат районундагы маалыматтык-окутуу иш-сапары

image-205.jpg

25-26-июнда Европа Биримдиги жана БУУнун «Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак-ниет башкарууну илгерилетүү» биргелешкен долбоорунун алкагында Ноокат районунун Кулатов жана Кенеш айыл аймактарында «Маалыматтык-окутуу иш-сапары» аттуу семинар болуп өттү.

3 Июль 2014 жыл 22:58

Үч-Коргондо толеранттуулукту жаю боюнча атайын топтор түзүлдү + аудио

20140624_122411

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында тынчтыкты сактоо жана толеранттуулукту жаюу үчүн айыл тургундарынан турган топтор түзүлдү. Төрт күндүк семинарга аталган айылдык аймакка кирген кыштактардын жашоочулары катышып, анын жыйынтыгында диний агымдар жана чек ара маселелери боюнча иш алып барчу топтор уюшулган.

2 Июль 2014 жыл 16:22

Учкундун жалгыз багбан айымы — Турдубүбү Акматова + аудио

Фото0100

Нарын районунун Учкун айылында жалгыз багбан айым бар. Ал 68 жаштагы Турдубүбү Акматова.

1 Июль 2014 жыл 18:07

Айыл өкмөттүн ижарада тургандыгына ооган-талаалыктардын пикирлери + аудио

Ооган-Талаа-ао ижарада (4)

Могол айыл өкмөтүнүн имараты жоктугунан ижарада турушат. Биз бул тууралуу айыл тургундарынын оюн билүү үчүн аларга суроо узатып көрдүк. Элдин ою ар кандай болуп чыкты. Кээ бирине мунун эч кандай мааниси жок болсо, айрымдары элдин жардамы менен имарат салып алса дешет.

1 Июль 2014 жыл 17:56
Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...