Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Кызыл-Туу: Мүлкүбат мектеби жаңы асма шамдар менен жабдылды

2015-жылдын 11-апрель күнү Токтогул районунун Кызыл-Туу айылынын Мүлкүбат орто мектебине жаңы асма шамдар орнотулду.  Анткени эски асма шамдар жарактан чыгып, мектептин коридору караңгы болуп турган.

19 Апрель 2015 жыл 15:49

Куу-Майдандагы билеги күчтүү чыгаан жеңе

Куу-Майдан айылына келин болуп келген Албина Рахманбердиева туурасында сөз кылмакчыбыз. Албина үй-бүлөөсү менен кол күрөшү боюнча көптөгөн мелдештерге катышып келе жатат. Жаштайынан спорттун ушул туру менен машыгып бир топ жетишкендиктерге жеткенин …

19 Апрель 2015 жыл 15:39

Тасма: Мектепте химия сабагынан ачык саат өттү

Тасма айылындагы А. Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинде химия сабагы боюнча семинар болуп өттү. Бул семинарга Түп району боюнча химия сабагын берген 20 мугалим келип катышты. Семинардын максаты, …

19 Апрель 2015 жыл 15:22

Үч-Коргон: Мультимедиа борборунун жетекчиси Оштогу IWPR тренингине катышып келди

Тренинг Ош шаарында 17-18-апрелде өттү. Ага катышкан журналисттер адам укутары боюнча маселелерди эл аралык талаптарда чагылдыруу боюнча окутуудан өтүштү. Бул туурасында Үч-Коргон жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Атабек Арипов билдирди.

19 Апрель 2015 жыл 10:39

Сары-Булуң мультимедиа борбору ишке кирди

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында жергиликтүү жаңылыктарды даярдоо жана элге жайылтуу үчүн  жамааттык мультимедиа борбору өз ишин баштады. Сары-Булуң мультимедианын  максаты элди маалымат менен камсыз кылуу жана алардын көйгөйү боюнча чечим …

18 Апрель 2015 жыл 23:52

Куу-Майданда адамдар өтүүчү көпүрө оңдолууда

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Куу-Майдан айылында адамдар өтүүчү көпүрө жаңыдан оңдоло баштады. Көпүрөнү курууну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги колго алды. 

18 Апрель 2015 жыл 17:34

7-апрель Кыргызстандын кайра жаралуу күнү

7-апрель элдик революциясына 5 жыл болгонуна байланыштуу район денгээлинде иш чара болуп өттү. 2010-жылдын 7-апрелинде элдин мүдөөсүн, талабын аткара албаган бийликке басымдуу бөлугү элеттик жаштардан турган элдин калыӊ катмары каршы …

18 Апрель 2015 жыл 17:30

Токтоянда касиеттүү мазарлар көп

Кыргыз эли негизинен жаратылыш менен тыгыз байланыштагы эл эмеспи. Алар дайыма отко, сууга, ыйык жерлерге сыйынышкан. Дал ушул ыйык мазар талдар бизде көп.

18 Апрель 2015 жыл 16:11

Токтоян: Мектепке Ашырбай Коёнкөзовдун аты бекеринен коюлган эмес

Мектепке Ашырбай Коёнкөзовдун ысымы бекеринен коюлган эмес. Ал согуш талаасында көптөгөн эрдиктерди көрсөтүп, башка жоокерлерге үлгү болгон. Биз сөз козгойлу деген баатыр Токтоянда туулган. 

18 Апрель 2015 жыл 16:09

Куланак: Өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана жеңилдетүү

Куланак айылында “Кызыл жарым ай коомунун” жардамы менен уюшулган “Өзгөчө кырдаал учурда кантип биринчи жардам берүү керек” деген темада окуучуларга семинар тренинг болуп өттү. Семинарды Нарын шаардык “Кызыл жарым ай …

18 Апрель 2015 жыл 9:15

Токтоян: Колунан көөрү төгүлгөн Салтанат эне

«Өнөрлүү адам кор болбойт» дегендей айылдагы Салтанат эне үйдөн бекер отурбастан кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал шырдак, ала кийиз, жылуу кийиз, өтүктөрдү жасайт.

17 Апрель 2015 жыл 16:00

Бакай-Ата: Ленин мектебинде азык-түлүк программасы уланууда

Бакай-Ата айылында В. И. Ленин атындагы орто мектеби Орус Федерациясынын колдосуу менен ишке ашырылып келген БУУ ДАПнын жана Кыргыз Республикасынын долбоорун алкагында Өкмөтүнүн «Мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу» доллбоорун алкагында пилоттук мектеп болуп дүйнөлүк, …

17 Апрель 2015 жыл 15:51

Барскоон: Кендирбаев мектебинде кезектеги акыл ордо география темасында болду

Биринчи коомдук каналдагы кадимки акыл ордо сыяктуу эле орто мектепте да акыл ордо теэ-тез өткөрүлүп турат. Мугалимдердин колдоосу жана окуучулардын аракети менен уюшулган иш чара көпчүлүктүн көнүлүн бурууда.

17 Апрель 2015 жыл 15:30

Куланак орто мектебинде ысык тамак очокто жасалат.

Куланак орто мектебинде электр жарыгы өчкөн учурда ысык тамакты очоко жасоого туура келет. Айылда подстанцияларда ремонт журуп свет өчүрүлүүдө. Электр жарыгы ар кандай жаратылыш кубулуштарына байланыштуу көп өчөт. Мектепте электр …

17 Апрель 2015 жыл 15:21

Кара-Балта суу сактагычы айылдагы өзгөчө жерлердин бири

Кара-Суу айылы Чуй облусунун Жайыл районунун борбору Кара-Балта шаарынан ылдый 30 километр жерде жайгашкан. Кара-Суу айыл аймагында өзгөчө жана кооз жерлер көп болбогону менен алардын саны куру эмес. Анткени айылдан өйдө үч километр аралыкта …

17 Апрель 2015 жыл 15:10

Терек-Сууда айылдык кеңештин ачык сессиясында үч маселе каралды

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин ачык сессиясы 2015-жылдын 14-апрелинде болуп өттү. Анда үч маселе боюнча талкуу болду.

17 Апрель 2015 жыл 12:54

Токтоян: Айылыбыздагы Адилет кичинекей болсо да техникаларды оңдойт

Токтояндык Адилет Аманбек уулу 9-класстын окуучусу. Өзү кичинекей болсо дагы азыртадан машинанын моторун жасап, ар кандай бузулган майда-чүйдө техникаларды жасоо менен алектенет.

17 Апрель 2015 жыл 12:42

Андарактыктар алмадан жакшы түшүм күтүүдө

Андарак айылынын тургундарынын көбү алма өстүрөт. Жемиште витамин көп болгондуктан, элдер да кызыгып алма бактуу болууну каалайт.

17 Апрель 2015 жыл 12:25

Андаракта пахта жана жүн тытуу көйгөйү жок

Андарак айылында үч жылдан бери пахта, жүн тытуу цехи иштеп жатат. Төмөндө цехтин башчысы Асан Марипов менен маегибизди сунуштайбыз.

17 Апрель 2015 жыл 12:07

Куу-Майданда «жаз жарышы» башталды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында жаз жарыш башталды. Жаз жарыш деп өзү эле айтып тургандай баардык Куу-Майдан айылынын тургундары талаа жумуштары менен жер айдап, үрөөн себе баштаган кездери.

17 Апрель 2015 жыл 0:30

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...