Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Үч-Коргон: 14 жаштагы Абдурахим пластилинден оюнчуктарды жасайт

https://www.youtube.com/watch?v=i_m7eWPm23M Үч-Коргон айылынын 14 жаштагы тургуну пластилинден оюнчуктардын түрүн жасайт. Ар тараптуу таланты менен эмгектерин жаратып жаткан Абдурахим өлкө башчысынын атайын белегине да ээ болгон. Абдурахим сабагын дагы мыкты деген …

20 Октябрь 2015 жыл 1:04

Куу-Майданда коомдук ишмер Абтыкаар Эргешов эскерилди

Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл ѳкмөтүндө 16-октябрда коомдук ишмер Абтыкаар Эргешовду эскерүү күнү болуп ѳттү. Эскерүүгѳ достору, кесиптештери, айылдаштары жана туугандары келишти. Анда Абтыкаар Эргешовдун жеке ѳздүк тасмасы кѳрсѳтүлдү.

18 Октябрь 2015 жыл 11:20

Кошбулак айылында жаңы көпүрө курулду

2014-жылы катуу жааган жамгырдан кийин Токтогул көчөсүнүн жогорку жагыдан түшкөн селден 9 үйдү  багы менен суу   каптап, 1 үйдү сел бузуп кеткен. Ошондон кийин  мэрия жана ӨКМ атайын комиссия …

18 Октябрь 2015 жыл 11:19

Кызыл-Булактагы жашоочулар пластик эшик-терезелерин орнотууда

Ак-Чал айылынын тургуну Нурбай уулу Мырсейт пластиктен эшик-терезелерди жасап киреше табат. Төрт жыл мурда Казакстанда бул иш менен алектенип келген. Кийинчирээк өзүнүн кичи мекенине келгенден кийин өзүнүн үйүндө чакан цех ачып,кайрадан ишин …

18 Октябрь 2015 жыл 10:04

Кошбулак айылында балдар ойноочу аянтча ачылды

Кошбулак айылында 2015-жылдын 2-октябрь күнү  Деканова көчөсүндө «Нураман»балдар аянтчасынын  ачылуу аземи болуп өттү. Аземге Сүлүктү шаарынын мэри А.А.Ибрагимов, коомдук өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин башчылары жана жергиликтүү тургундардын катышты.

18 Октябрь 2015 жыл 9:57

Куланакта Алтын күз

Былтыркыга караганда күн жылуу болду. Күз келип айлана сары түскө бөлөндү.

17 Октябрь 2015 жыл 22:51

Баетов: Мөмөдөн жасалган он килограмм мончок жана бел кур

Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 9-11-класстар аралык “Күмүш түстүү күз” сынагы өттү.

17 Октябрь 2015 жыл 22:32

Тасмада “Диний экстремизм жана суицидге жол бербейли!” тегерек столу болду

Иш-чара Асан Сопиев атындагы мектебинин жыйын залында 5-11-класстын жалпы 187 окуучусу менен мугалимдер жааматы, коомчулук өкүлдөрү менен бирдикте болду.

17 Октябрь 2015 жыл 20:33

Тасмада алгачкылардан болуп КМС алган спортчу

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айбек уулу Чыңгыз грек-рим күрөшү менен үч жылдан бери алектенип келет. Облустан биринчи орунду, республика жана Казакстандандан үчүнчү орунду ээлеп, …

17 Октябрь 2015 жыл 19:47

Бакай-Ата: Ленин мектебинин ашканасында санитардык жабдыктар орнотулду

Ленин атындагы мектебинин ашканасына жаңы жабдуулар орнотулуп ишке берилди. Бул маалыматты кененирээк билиш үчүн мектеп ашканасынын башкы ашпоозчусу менен маектештик.  

17 Октябрь 2015 жыл 13:54

Куланактын жаш кол өнөрчүлөрүнүн дүйнөсүнө сапар

Азыркы кезде Куланак айылында колунан көөрү төгүлгөн улан-кыздар жок эмес. Ошондой идеялары жана дүйнө таанымы менен жаңы нерсени ойлоп тапкан жаш айыл тургундары менен кыскача баяныбызды сунуштайбыз.

17 Октябрь 2015 жыл 13:38

Облустук сынакка катышкан куланактык “Ак марал” бий тобу

Нарын районунун Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде “Ак марал” бий тобунун уюшканына үч жыл болду. Топтогу жаш таланттар жана бийчилер даярдана турган класстык бөлмө жоктугунан даярданууда көйгөйлөр жаралып жатканын айтат.

17 Октябрь 2015 жыл 13:04

Куланак: Айылдык күрөшчүлөргө машыгуу залы керек

Буга чейин куланактык күрөшчүлөр жана алардын жетишкендиктери тууралуу макалаларыбызда токтолгон элек. Азыр айылдык спортчулар кандай шарттарда машыгып жатканы менен дагы бир жолу таанышып көрүүнү чечтик.

17 Октябрь 2015 жыл 10:14

Куланакта таза суу үзгүлтүккө учурады

Нарын районуна караштуу Куланак айылында таза суу төрт күнгө токтотулду. Айылдын суу башчысынын айтымында, суу түтүктөрү эскирип, жарактан чыгып калган.

17 Октябрь 2015 жыл 9:48

Баетовдо аз камсыз үй-бүлөнүн балдарына окуучулук формалар берилди

Баетов айыл аймагы тарабынан беш окуучулук форма жана 25 окуучуга бут кийимдер сатылып берилди. Үч орто мектептеги социалдык педагогдор аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү балдардын кийимдеринин өлчөмүн тактап беришкен. Окуучулук форма жергиликтүү сатуучулар …

16 Октябрь 2015 жыл 21:55

Бветовдо баңгиликти алдын алуу максатында спорттук мелдеш өттү

Өспүрүмдөр арасында баңгиликтин алдын алуу максатында волейбол оюну өткөрүлдү. Оюн Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде болуп, ага облустук жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрү катышты.

16 Октябрь 2015 жыл 21:34

Тасма: Окуучулар жазгы спорттук Манасиядага даярданууда

Сопиев орто мектебинде жылына болуучу жазгы спорттук Манасиядага даярдыктар жүрүп жатат. Былтыр мектептин спортсмендери аймактан 2-орун болсо, быйыл 1-орунга жетишебиз деген үмүттө.

16 Октябрь 2015 жыл 19:30

Бакай-Атада бирдиктүү мектеп формасы чечилбей калууда

Көптөн бери чечилбей келе жаткан бирдиктүү мектеп формасы ата-энелерге кыйынчылык алып келип жатат. Анткени бирдиктүү форма Бакай-Атадагы Ленин орто мектебинде ата-энелердин каршылыгынан улам кабыл алынбай калган.  

16 Октябрь 2015 жыл 17:44

Үч-Коргондо “Улуттар достугу” фестивалы болду

Бул фестивалда Үч-Коргон айыл аймагындагы төрт мектеп — Пушкин,  Айни,  Дружба жана Манас Ата орто мектептери катышып, төрт улуттун каада салттарын жана үрп-адаттарын чагылдырышты.

16 Октябрь 2015 жыл 17:23

Куланак: Аралбаев орто мектебинде он “Эл агартуунун отличниги” мугалим эмгектенет

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде “Эл агартуунун отличниги” наамын алган 13 эже-агайдын ичинен үчү ардактуу эс алууда болсо, калгандары мектепте эмгектенүүдө. Бул макалабызда алардын бири Осмонбек Өмүралиев …

16 Октябрь 2015 жыл 15:44

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...