Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү

Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү. Оюнга тогуз айылдан улакчылар келип, жалпы 300гө жакын улакчы катышты.

1 Февраль 2016 жыл 16:27

Баетов: Мезгилдүү оору менен жабыркагандар ооруканада кезек күтүшүүдө

Учурда Ак-Талаа аймактык ооруканада жөтөл, тамак оору, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу мезгилдүү оорулар менен жабыркагандар сааттап дарыгерге көрүнүү үчүн кезекке турушууда. Кезек куткөндөрдүн көбү  улгайган адамдар жана жаш балдар.

1 Февраль 2016 жыл 16:08

Баетов: Шүкүрбек Бейшеналиев мектеби толук капиталдык ремонттон өткөрүлөт

Баетов айылында жайгашкан Бейшеналиев атындагы орто мектебин быйылкы окуу жылынын бутүшү менен түрткү берүүчү каражаттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү иштери башталат.

28 Январь 2016 жыл 16:17

Баетовдо Афган жана Баткен согушунун каармандарына эстелик коюлат

Баетов айыл аймагына жакынкы арада Афган жана Баткен согушунун каармандарына арналган эстелик коюлат. Алгач эстеликтин макети Бишкек шаарынан буйрутма менен жасалып келинген.

28 Январь 2016 жыл 16:11

Терек-Сууда Токтогул район акиминин катышуусунда жыйын болду

Терек-Суу айылында Токтогул районунун акими жана ООСтун, РЭСтин СоцФонддун жана милициянын жетекчилеринин катуушусунда жыйын болуп өттү. Жыйынга Кетмен-Дөбөнүн айыл өкмөт башчысы Саветбек Джээналиев жана Терек-Суу, Чоң-Арык айыл тургундары катышты.

27 Январь 2016 жыл 18:34

Куу-Майдандын жаштары Чыйырчык тоо лыжа базасында эс алып келишти

Куу-Майдан айылынын жаштары Алай районундагы Чыйырчык тоо лыжа базасына барып жылгаяк тебип келишти. Ал жерге жалпысынан Куу-Майдан айылынан 33 бала барды.

26 Январь 2016 жыл 14:47

Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борбору кышкы суукка карабай кызуу иштеп жаткан учуру

Кышкы  каникулду  мультимедиа борбордун ыктыярчылар бекер өткөрбөстөн жергиликтүү  жаңылыктарды,  кулактандыруу,  ар  кандай  пайдалуу кеңештерди  жана талкууларды  рупор аркылуу  жергиликтүү  тургундарга  жеткирип жатышууда.

26 Январь 2016 жыл 12:56

Андарак айыл өкмөт башчысы Баймурат Бекмуратов жылдын мыктысына татыды

Жыл сайын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жылдын мыктыларын ардак грамота жана диплом акчалай сыйлыктар менен сыйлайт. Бул даражаны алгандар ак дили менен иштеп Кыргызстанга салым кошкондор. 

25 Январь 2016 жыл 11:51

Бакай-Ата районунда жаңы автомектеп иштеп жатат

Бакай-Ата районунун Манас көчөсүндө «Кенч» автомектеби ачылды. Окуу жайдын шарттары жана тартиптери тууралуу мектептин мугалими  Казакбаев Совкозбек менен маектештик.

21 Январь 2016 жыл 16:17

Учкунда мектеп бөлмөлөрү өзгөчө кооздолду

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин окуучулары ар бир класстык бөлмөлөрдү кооздошту. Максаты — окуучулардын билим алууга болгон шыгын, кол өнөрчүлүк чеберчилигин арттыруу.

21 Январь 2016 жыл 12:23

Бакай-Ата районунда долбоор сунуштоо боюнча жыйын болду

Бакай-Ата райондук бийлиги “Сейилбак жана кичи футбол аянчасын” куруу долбоорун тааныштыруу жыйыны болуп өттү. Ага Бакай-Ата жана Наматбек айылдарынын тургундары катышты.

20 Январь 2016 жыл 12:02

Үч-Коргондо көз ооруларын дарылаган жеке менчик клиника иштөөдө

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы клиника төрт жыл аралыгында курулган. Аны үч уулу менен бирге салганын айтты клиниканын ээси Жора Жорабаев.

19 Январь 2016 жыл 10:19

Үч-Коргондо окуучулардын кышкы каникулу кандай өтүүдө?

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында окуучулардын кышкы эс алуулары кандай өтүп жатканын билип көрүү үчүн айрым окуучуларга суроо узатып көрдүк.

18 Январь 2016 жыл 9:49

Кыш суугуна баш ийбеген малчылар [+сүрөт]

Төлөгөн Садыров Ысык-Көл облусунун Токтоян айылында ар жылы кышкысын тоодо мал багып келет. Быйыл мал мурункуга караганда арзан, ал эми чыгашасы көп болуп жаткандыгын айтат. Садыровдун жашы кыркка жакындап калды. …

17 Январь 2016 жыл 15:14

Жалал-Абад: Тургундар токойдун суюлушуна кабатыр

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында 8 миң гектардай токой аянты бар. Былтыртан бери көзөмөлгө алынгандан кийин токойду кыюу азайганын айтат айыл өкмөт башчысы. Анда жаңгак бактары менен катар алма, мисте, долоно …

16 Январь 2016 жыл 12:02

Сурамжылоо: Аймактардагы кышкы эс алуу [+сүрөт]

Учурда Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы ортолоп, мектеп окуучулары кышкы эс алууга чыгышты. Kloop.kgнин кабарчылары аймактардагы балдардын бир айга созулган кышкы эс алуусун кантип өткөрөөрүн билип көрүштү. Баткен облусу Шумкар Көк-Талаа …

15 Январь 2016 жыл 11:10

Видео: Айыл тургуну сандыктарды DVD-дисктер менен кооздоодо

Нарын облусунун Учкун айылынын 46 жаштагы тургуну Таалай Касымбеков салттуу кыргыз сандыктары үчүн эски DVD-дисктерден жасалгаларды даярдайт. Адистиги архитектор болгон Таалай Касымбеков жогорку окуу жайын аяктагандан кийин кесиби боюнча жумуш …

13 Январь 2016 жыл 15:12

Сүрөт: Жалдын тургуну жыгачтан ар түрдүү фигураларды жасайт

Сокулук районунун Сарбан айылынын тургуну Фарида Рахманова үйүнөн ар түрдүү кооз фигураларды жасайт. Бул өнөр менен алектенгенине 19 жыл болду.

13 Январь 2016 жыл 12:18

Үч-Коргон: Унаалардын кышка карата даярдыктары көңүл жылытпайт

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы айдоочулар унааларын кышка карата даярдабагына сурамжылоонун жыйынтыгында күбө болдук. Көпчүлүгүндө жайкы дөңгөлөктөр кышкысына алмаштырылган эмес.

6 Январь 2016 жыл 11:03

Тасманын окуучулары райондук акыл таймашында баш байгеге ээ болушту

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинин окуучулары 31 мектеп арасында өтүлгөн акыл таймашында биринчиликти алышты. Аталган таймаш Түп районунда өтүп, ага Тасманын жети окуучудан турган мектеп курамасы катышты.

6 Январь 2016 жыл 10:54

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...