Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Учкун айылына кыркын пунктун уюштуруу үчүн жалпы жыйналыш болду

Нарын районунун Учкун айылында кыркын пунктун уюштуруу, жайыт маселеси, кичи футбол аянтчасынын долбоору тууралуу жалпы жыйнылыш болду. Аталган жыйналышка 15тей адам катышып, административдик комиссиянын жобосу тууралуу талаш-тартыштар да болду.

1 Июнь 2016 жыл 21:37

Учкунда «Балдарды коргоо» күнүнө карата бекер балмуздак таратылды

Учкун айылында 1-июнь «Балдарды коргоо» күнүнө карата 1-класстан 5-класска чейинки окуучуларга бекер балмуздак таратылды. Иш-чараны айыл өкмөтү уюштурду.

1 Июнь 2016 жыл 13:19

Учкун: 6 жаштагы Асема Бейшенбекова облустук сынакка жолдомо алды

Учкун айылынын «Раушан» бала бакчасынын «Ак шоола» тайпасынын тарбиялануучусу 6 жаштагы Асема Бейшенбекова облустук сынакка жолдомо алды. Аталган сынак «Тарыхый инсандарыбызды даңазалап, тарбиялык иштерибизди жакшыртабыз» деп аталып, республикабыздагы бала бакчалардан …

1 Июнь 2016 жыл 8:35

Насыяны максаттуу пайдалануу

Азыркы учурда кыргыздардын 80% насыя аркылуу акча таап жатканын билебиз. Айрымдары соода сатык кылса, айрымдары мал чарбачылыка керектешет.       Насыяны максаттуу пайдалануу

1 Июнь 2016 жыл 7:30

Учкунда “Балдар күнү” белгиленди

Нарын районунун Учкун айылынын “Раушан” балдар бакчасында “Балдарды коргоо” күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара быйыл жетинчи жылы өткөрүлүп, жалпы 75 бала жана ата-энелер катышкан. Айыл өкмөтү тарабынан болсо …

31 Май 2016 жыл 22:14

Учкун: Китепкана беш жылдан бери ремонттоло элек

Айыл тургундарынан алган сурамжылоодо элдер китепканадан китеп алып окубаганын, айылдык китепкананын абалы алардын купулуна толбой турганын билдиришкен. Ошондон улам биз айылдык китепкананын кызматкери Гүлнара Жунушбекова менен маек курдук.

31 Май 2016 жыл 21:37

Чүй облусунун 90 жылдыгы

Чүй облусу 1939-жылы 21-ноябрда СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгы менен Фрунзе облусу болуп, кийин 1959-жылы жоюулуп, 1990-жылы азыркы аты менен белгилүү.

31 Май 2016 жыл 16:25

Кызыл-Туу: Этноботаникалык бакчанын расмий ачылышы

Кызыл-Туу айылынын С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде этноботаникалык бакчанын расмий ачылышы болуп өттү. Ага айыл тургундары, белгилүү инсандар, окуучулар катышты. Бакчада дары чөптөрдүн түрлөрү тигилген.

31 Май 2016 жыл 15:48

Доллардын курсунун өзгөрүп туруусу ишкерлерге чоң таасир тийгизет

Доллар — бул товар болуп саналат. Албетте анын курсунун жогору же төмөн болуусу ага болгон суроо-талаптан көз каранды. Ал эми аталган товардын курсунун бир калыпта турбай улам өзгөрүүсү жеке ишкерлерге, …

31 Май 2016 жыл 7:47

Кара-Сууда Жайыл райондук мектептердин профсоюз лидерлеринин семинары болду

Кара-Суу орто мектебинде Жайыл районунун мектептеринин профсоюз лидерлеринин семинары болуп өттү. Анда ар бир профсоюз комитеттерди өз мөөрлөрүнө ээ болушту.

30 Май 2016 жыл 21:13

Кара-Сууда эмгек чейреги башталды

Кара-Суу орто мектебинде ремонт иштери башталды. Ага мугалимдер жана окуучулар менен катар ата-энелер да катышууда.

30 Май 2016 жыл 21:11

Андарак: Мектептин от казаны жардамга муктаж

Лейлек районуна караштуу Сумбула айылындагы Манас атындагы орто мектебинде от казанынын абалы начардыгынан көйгөй жаралып жаткандыгын айтышат. Бул тууралуу бизге мектептин чарбалык иштер боюнча директордун орун басары Бакыт Жалилов билдирди.

30 Май 2016 жыл 19:57

Сурамжылоо: Учкун айылдык китепканасынан акыркы жолу качан китеп алып окугансыз?

Биз Учкун айылдык китепканадан айыл тургундары качан китеп алып окугандыгына кызыгып сурамжылоо жүргүздук. Сиз акыркы жолу айылдык китепканадан качан китеп алып окугансыз? Китеп алып окуган болсонуз, китепкананын абалы жагабы? Эгер …

30 Май 2016 жыл 13:07

Чоң-Тогузбайда акыркы коңгуро майрамы белгиленди

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде акыркы коңгуро салтанаты болуп өттү. Бул салтанатта мектеп бүтүрүчүлөрү агай- эжейлерди 11-жыл окутуп өстүргөнүнө ыразычылык билдиришти. Мектепти 10-жыл мурун бүтүргөн окучулар кайрадан …

30 Май 2016 жыл 11:28

Чоң-Тогузбай: Беш жылдан бери мал алып саткан Жанат Садыров

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Жанат Садыров беш жыл бою алып-сатар болуп иштеп, үй жайын оңдоп, чоң машина сатып алган. Жума сайын жекшемби күндөрү мал базарга барып, соода менен алектенет.

30 Май 2016 жыл 11:22

Чоң-Тогузбайда АЧД боюнча балдар арасында үч күндүк машыгуу өттү

Чоң-Тогузбай айылында аскерге чейин даярдык (АЧД) сабагынын алкагында үч күндүк практикалык сабактар болду. Сабактарда практика жүзүндө иштер жана аскердик машыгу өтүлдү.

30 Май 2016 жыл 10:30

Тасма: Өспүрүмдөргө спирт ичимдиктери сатылуусу туурабы?

Азыр дээрлик бардык аймактарда өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Бирок ал мыйзамга канчасы баш ийүүдө, белгисиз.

30 Май 2016 жыл 7:38

Тасмага коңшу айылдан тактай тилгич келип кызмат кылууда

Түп районуна караштуу Тасма айылына Миң-Булак айылынан тактай тилгич келди. Бул тактай тилгич келүүсү менен тургундардын дагы бир көйгөйү чечилгендей болду.

30 Май 2016 жыл 7:12

Андарактагы стоматология элет эли үчүн кызмат кылууда

Лейлек районунун Андарак айылында стоматалогия ийгиликтүү иштөөдө.Буга чейин Андарак айылында стаматалогия болсо да ал жер кичине тар болгонуна байланыштуу адамдар көп кайрылчу эмес.

30 Май 2016 жыл 0:41

Сүрөт баян: Тасма айылы адыр тоолору менен кооз

Тасма айылы тоолуу өрөөнгө киргендиктен айланасынын баары тоолор курчаган. Башка жерден келгендерге да адыр тоолор көрктүү көрүнөт.

29 Май 2016 жыл 22:25
Шейшемби
23 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...