Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Карысы бардын ырысы бар

Кошбулактагы Сүлүктү Педагогикалык окуу жайында 01.10.2016- жылы улгайган жарандардын күнүнө карата «Карысы бардын-ырысы бар» аттуу акция өтүп жатат.

1 Октябрь 2016 жыл 11:51

Учкун айылынын тургуну сегиз жылдан бери жер-жемиштерди өстүрүп келет

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын ардагер мугалими сегиз жылдан бери жер-жемиштерди өстүрүп келет. Жемиштерди өстүргөн жердин аянты 15 сотых. Ал жерге помидор, бадыраң, кулпунай, кызылча, перец, редиска, баклажан, чеснок сыяктуулар …

1 Октябрь 2016 жыл 9:51

Тасмада малдар жайлоодон кандай келди?

Түп районунун Тасмада айыл тургундарынын көбү мал багуу менен алектенишет. Малдарын жайкысын жайлоого жиберишет. Биз быйылкы жылы малдар жайлоодон кандай келгендиги тууралуу сурамжылоо жүргүздүк.

30 Сентябрь 2016 жыл 21:02

Андарак айылында быйыл алма аз

Быйыл Лейлек районунун Андарак айылында алманын түшүмү аз болду. Ага быйылкы жыл жаан-чачындуу болгону себеп болгон. 

30 Сентябрь 2016 жыл 20:07

Токойчунун үйү оңдолуп жатат

Ак-Талаа райондук токой чарбасынын Үгүт айылындагы кызматкеринин үйү 1958-жылы курулган. Бул аралыкта үйгө оңдөп-тузөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

29 Сентябрь 2016 жыл 20:50

Кызганчаак жана тынчтыкты сүйгөн тотукуштар

Ак-Талаа районунун Баетов айылында үйүн өзгөчө жаныбарлар менен бөлүшүп жашаган тургун бар. Света эже — ал акыркы үч жылдан бери үйүндө түгөйлүү тотукуш багат. 

29 Сентябрь 2016 жыл 19:42

Учкун: Окуучулар арасында кыргыз тили боюнча «Акыл ордо» таймашы болду

«Акыл ордо» таймашын кыргыз тили күнүнө карата Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин парламенти уюштуруп, баардык суроолор кыргыз тили тууралуу берилди. Сынакка 9-11-клаастан жалпы алты окуучу катышып, жыйынтыгында 11-класстын окуучусу жеңишке жетти.

29 Сентябрь 2016 жыл 19:05

Сүрөт баян: Бүтүрүүчү класстардын кыргыз тили күнүнө арналган кечеси

Нарын районундагы Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин 11-классынын окуучулары кыргыз тили күнүнө карата кече майрамын өткөрүштү. Кечеге 11-класстын ата-энелери чакырылып, келген ата-энелерге балдары бата берип, ыр күлкү тартуулашты. 

29 Сентябрь 2016 жыл 18:17

Финансовая грамотность молодых людей

Уровень финансовой грамотности необходим каждому человеку для достижения его личных финансовых целей. Какой бы ни была конкретная цель, выигрышем от финансовой грамотности будет повышение уровня жизни и уверенность в будущем, …

29 Сентябрь 2016 жыл 16:30

Баетовдо менталдык математика боюнча курс ачылды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде информатика мугалими Нургүл Макелеева жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучуларга менталдык математика боюнча атайын курс ачып окута баштады.

28 Сентябрь 2016 жыл 20:17

Токтояндык окуучулар таруудан айнек бетине сүрөт тартуу сынагына даярданууда

Быйыл тарых жана маданият жылы болгондуктан, Түп району боюнча сынак өткөнү жатат. Бул сынакка таруу менен айнек бетине түшүрүлгөн сүрөттөр көрсөтүлмөкчү. 

28 Сентябрь 2016 жыл 16:08

Ак-Талаада билим берүү мекемелери кышка 80 пайыз даяр

Теңир-Тоо тоолуу жана шарты катаал аймак болгондуктан кышка даярдык эрте башталат. Ак-Талаа району боюнча жалпы орто билим берүүчү 18 мектеп жана 21 бала бакча бар. Райондогу 7 мектеп электр от …

28 Сентябрь 2016 жыл 10:22

Үч-Коргондо жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу керек

Үч-Коргондо жашаган улуу муундагы инсандар жаштардын каржы сабатуулугу боюнча сурамжылоо жургузуду.

27 Сентябрь 2016 жыл 21:37

Теректе жаңы бала бакча октябрдын аягына чейин колдонууга берилет

Ак-Талаа районунун Терек айылында 75 орундуу жаңы бала бакча салынып, 25-октябрда колдонууга берилет. Аталган бала бакча Жерүй долбоорунун негизинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында курула башталган.

27 Сентябрь 2016 жыл 17:21

Каз майынын дарылык касиетин билген Жаркын эже

Учкун айылынын тургуну Жаркын Шабданова жана анын жолдошу Амантур Баймурзаев учурда каз, көгүчкөндөрдү бакканга кызыгышат. Көгүчкөн, каздардын пайдасын көргөнү менен жаман жактары да бар дешет алар.    

27 Сентябрь 2016 жыл 16:25

Комуз чапкан оңой өнөр эмес

Бактыгул Акунов Ак-Талаа районунун Баетов айылынын жашоочусу. Бош убактысында кыргыздын улуттук аспабы комуз чабуу менен алектенет.

27 Сентябрь 2016 жыл 15:23

Учкунга биринчи жолу балдар ойноочу батут коюлду

Нарын районуна караштуу Учкун айылына биринчи жолу кичине балдар ойноочу батут коюлду. Ойноо үчүн бир мүнөтүнө бир сомдон алынат. 

27 Сентябрь 2016 жыл 12:02

Куланакка кичи футбол аянтчасы курулат

Бишкек шаарында 19-сентябрь кунү “Куланак ынтымагы” клубу уюштурган марафон болуп өттү. Марафондун максаты — айылга футбол ойной турга аянтчаны куруп берүү.

26 Сентябрь 2016 жыл 23:07

Ооган-Талаа айылына дамба курулуп жатат

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылына таза суу чыгарып берүүчү дамба курулууда. Курулуш иштери 13-сентябрдан бери уланууда.

26 Сентябрь 2016 жыл 21:39

Куланакта карылар күнүнө карата чакан линейка болду

Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде “Карылар үйдүн куту” аттуу 7-б классы уюштурган кече болду. Кечеге мектеп жамааты жана ата энелер катышты.

26 Сентябрь 2016 жыл 20:49
Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...