Лейлек районунун Андарак айылында сарык оорусу август-сентябрь айында көбөйүп кеткен болчу. Учурда оорунун алды алынып, сарык оорусу азайып жатканын айтат айылдык дарыгер.
Ак-Талаа районундагы Кара-Ой айыл өкмөтүндөгү жаштардын демилгеси менен жаштар арасында волейбол, күрөш жана кичи футбол боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү. Ак-Талаа райондук спорт испектору М.Чырмыевдин айтканына караганда, оюн 10-ноябрь жаштар күнүнө …
Акыркы күндөрдө Эшбай Токсобаев мектебинде волейбол оюну мурунку жылдарга салыштырмалуу көп ойнолбой калды. Бул оюнун жандандыруу максатында дене тарбия мугалимдери атайын окуучулар үчүн ийримдерди уюштурууда.
Нарын районунун Куланак айылында уйлар карасан менен ылаңдап кеткендиги айтылууда. Бул боюнча айыл өкмөт башчысы Абай Калдарбек улууна кайрылып маек курдук.
Түп районуна караштуу Токтоян айылында АРИС уюмунун каржылыгында жаңы ФАП курулууда. Курулуш иштери 16-октятябрдан башталды.
Талас облусундагы Бакай-Ата району боюнча караган Бакай-Ата айылындагы ооруканага быйыл 79 жыл толду. Аталган ооруканага Бакай-Ата району боюнча 19 айылдын тургындары кайрылышат.
Учурда ич өткөк оорусу — жаш балдар арасында көп кездешкен оорулардын бири. Бул оору боюнча Баетов айылынын райондук ооруканасынын терапия бөлүмүнүн балдар дарыгери Жыргал Алашова менен маек курдук.
Асылбеков Мавлян — элдик дарыгер. 1994-жылдан тартып тамырчылык кесипти баштаган.
Түп районуна караштуу Тасма айылына Бишкектин №6 дарыканасынан доктур келип, айыл тургундарынын ар кандай ички органдарын текшерди. Ал атайын апараты менен элдерди текшерген соң, даарылануусуна атайын даарыларды жазып берди.
Бүгүн Баетов айылындагы Адилет атындагы паркта спорттун төрт түрү боюнча турнир башталды. Турнир 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон Адилет Карасартовдун элесине арналып, достору тарабынан уюштурулду. Карасартов тирүү болгондо 31 жашка чыкмак. Быйыл алтынчы ирет …
Cары-Дөбө орто мектебинде 19-сентябрь күнү 5-6-7-8-9-11-класстар арасында спорттун беш түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдеште окуучулар спорттун аркан тартыш, кол күрөш, таяк тартыш, кап менен секирүү түрлөрү менен күч сынашты.
Бакай-Ата айылындагы ооруканадагы бөлүм кайрадан жаңыланууда. Мындан 40 жыл мурда курулган оорукана Саламаттыкты сактоо министрлигинин тендери аркылуу акча каражаты бөлүнүп кайрадан жаңыланууда.
Түп районуна караштуу Тасма айылында мобилдүү клиника бир күн айыл элине кызмат кылды. Аталган клиника тургундардын ден-соолугун бекер текшерди.
Түп районундагы бул жайлоо кооздугу менен эс алуучуларды өзүнө тартып келет. Эс алып келгендердин көпчүлүгү шаар тургундары.
Учурда айыл чарба малдарынын арасында жугуштуу оорулар көп кездешет. Алардын айрымдары ооруну өз алдынча аныктай албай зыян тартышат.
Эхинококкоз ооруусунун алдын алууга болот. Бул боюнча бүгүн Кошбулак айылдык ден-соолук комитетинин отурумунда кеңири талкуу болду. Айылдык ден-соолук комитетинин башчысы Буухал Табалдиева билдиргендей акыркы учурда эхинококкоз оорусу менен ооруп каттоодо …
Буга чейин беш-алты жыл бою айыл имамы болуп келген 37 жаштагы Тыныбек Зундунов көз оорусуна чалдыгып калды. Ал бейтапканаларга барып жылына текшерилип жүрүп, бирок, бул оорусу уламдан-улам күчөп, азыркы абалы жакшы …
Сарытологой айылындагы ФАПта оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат. Көп жылдан бери оңдолбогон ФАП имаратын быйыл айыл өкмөткө кайрылып, атайын бул иш каралып, акча бөлүнүп берилген.
Учкун айылынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө «биздин айылда оорукана курулса жакшы болмок, бул ФАПтан жатып даарылангана болбосун» айтып өтүштү. Бул туурасында ФАПтын дарыгер жетекчиси Замира Базарбаева менен маек курдук.
Дарыгерлер 6 жаштагы Бегазтты бүгүнкү күндө толук сакайып кетүүсүнө жана операциядан чыгуусуна кепилдик бербей келишүүдө. Бул туурасында апасы Рано Мамажанова айтат.