Уч-коргон айыл аймагынын айылдарында жумушсуздуктун айынан ата-энелер өз балдарын кароосуз таштап кетүүгө мажбур болууда. Андай үй-булөлөр жылдан жылга көбөйүп жатат.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында жылына кырктын тегерегинде окуучу мектепти аяктайт. Мектеп директорунун айтымында ондой бүтүрүүчү чет өлкөгө иштегени кетет.
Сокулук районуна караштуу Жал айылынын Рүстөмбек Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинде семинар өттү. Анда катышкан мугалимдердин айтымында, семинар өз ара тажрыйба алмашууга жакшы өбөлгө түздү.
Нооруз майрамы мугалимдердин «Сармерден» оюн-зоок кечеси менен коштолду. Нооруз майрамын Умай энесиз элестете албайбыз. Андыктан Нооруз майрамында жакшылыкты тилек кылып Умай эне аластап өттү.
Окуучулардын талантын өркүндөтүү максатында Нарын районуна караштуу Куланак өрөөнүнүн «Жаш талант-2014″ кароо-сынак фестивалы Учкун айылында болуп өттү. Куланак айылынан барган окуучулар алдыңкы орундарды багынтып, Нарын райондук фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
Айыл тургундарынын айтуусу боюнча бүгүн Кыргызстанда эң маанилүү күн. Анткени кыргызды кыргыз кылган «Ак калпак» дешет.
Айылдагы №17 мектептин 6-9-класстарынын арасында үч багытта бий сынагы болуп өттү. Индия бийин аткарган кыздардын тобу мыкты деп табылып райондук сынакка жолдомо алышты.
Конкурска тогуз мектептин 8-9-классттарынын алты окуучусу бир команда болуп катышты. Атайын аны кыргыз тил мугалимдери жетектеди.
Биздин Арык теит айылындагы «Нур» бала бакчасы 2004-жылы ачылган. Бул бала бакчага беш айылдан балдар келет. Себеби башка айылда бала- бакча жок. Учурда балдар мектепке чейинки билимди ушул жерден алууда.
Кызыл-Булак айылында акыркы элүү жыл аралыгында биринчи жолу мектеп курулду. Анын курулушуна Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын жардамы менен катар жергиликтүү тургундардын да салымы чоң болгон. Жаңы мектеп курулганга чейин окуучулар билим алган эски орто мектептин абалы менен тааныштыралы деп чечтик.
Мусаева Шырман эжеке Т. Айбашев орто мектебинин математика жана адеп мугалими. Эл агартуунун, профсоюздар кеңешинин мыктысы жана бир канча төш белгилердин ээси болууга жетишкен. 42 жылдын ичинде үзүрлүү эмгектенип келүүдө.
2010-жылдагы болгон жер титирөөдөн мектеп жараксыз абалга келип калган. Ошондон көп өтпөй эле жаңы мектеп курула баштаган. Азыркы күндө мектеп ар тараптан камсыз болду.
Начальное образование — радио программа записанная в рамка проекта Народный микрофон.