Кыргызстандын жарандары Венгрия, Кытай, Орусия жана Казакстан өлкөлөрүндө гранттык негизде билим ала алат. Анда студенттин окуусу акысыз болуп, жатакана, стипендия жана медициналык камсыздандыруу берилет. Бул тууралуу Эл аралык кызматташуу жана …
Кулатов айылында Covid-19 оорусу абал туруктуу. Эмдөө жүргүзүлүп жатат. Айылда пневмония менен ооругандар көп болду. Азыркы учурда грипп оорусу жүрүп жатат.
Күйүүчү майдын кымбатташы бир гана айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө көйгөй жаратпастан, жалпы карапайым элге оорчулук келтирүүдө. Мисалга алсак, тейлөө кызматтары, жол акы, тамак-аш, дары-дармек, кийим-кеченин наркы 2-3 эсеге өскөн.
Белгилүү болгондой, байлык капчыгыбыздан эмес, башыбыздан башталат. Адамдын ой жүгүртүүсү жана жан-дүйнө абалы чыныгы жашоонун реалдуулугун калыптандырат. Сиздин ой жүгүртүүңүз бай адамдын психологиясына туура келеби? Же жакырчылыкка жакынбы? Аныктоо үчүн …
Сиз социалдык медиада же кадимки онлайн баарлашуу учурунда адамдардын ката жазганына кыжыры келгендер тобундасызбы? Же тескерисинче сиз дагы ката жазасызбы. Келиңиз тесттен өтүп канчалык деңгээлде туура жаза аларыңызды аныктап алыңыз. …
Нарын облусунун Ат- Башы районундагы Калинин айылынын 20 жаштагы тургуну Нурсултан Жакшылык уулу эт багытындагы тоок өстүрүп өзүнүн чакан ишкерлигин баштаган. Ал “бройлера кобб 500” породасындагы тоокторду өстүрүп жашаган аймагына …
Бул тест мугалимдерге арналат. Коомду агартуучулукка багыттаган ардактуу кесип ээлеринин акыркы жылдары санарип билимдүү болуусу зарыл экени байма-бай айтылып келет. Бул тесттен өтүп канчалык санарип мугалим экениңизди текшерип көрүңүз.
Китеп окуунун пайдасы айтпаса дагы белгилүү. Китеп окууну жактырбаган адамдар жакшы китепти таба элек деп айтып коюшат. Андыктан биз бүгүн сиздерге китепкөй инсандар бул жылы кайсыл китептерди окууну сунуштарын көрсөтөбүз. …
Акыркы жылдары ата-энелер билимге инвестиция кылууга көбүрөөк маани берип келет. Ошол эле учурда Кыргызстанда чет өлкөдө билим алууга жол көрсөткөн бир катар компаниялар бар. Алардын бири “Ask Consulting” компаниясынын негиздөөчүлөрү …
Биз бардыгыбыз эле бир нерсени каалайбыз болуш керек. Ар бирибиз жашоодо максималдуу ыңгайлуулукка жетүү үчүн аракет кылабыз. Ал үчүн өзүн өнүктүрүүнүн түрдүү ыкмалар бар. Алдыда 6 ыкманы сунуштайбыз.
Эрте никеге туруунун кесепеттерин чагылдырган Сары-Көл сырлары аталышындагы оюн-сериал иштелип чыкты. Ал смартфондор үчүн “Чабалекейлер” аталышындагы тиркемеде жайгашкан. Өспүрүмдөргө арналган оюн-сериал тууралуу “Айкын багыт” коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова жана …
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги АЮ GRAND соода борбору менен биргеликте: Бешинчи Бишкек кулинардык «Жаш ашпозчу» фестивалы уюштурган конкурска №43 Кесиптик лицейден «Ашпозчу-кондитерь-наабайчы» кесибинин окуучулары катышты.
Жалпы өлкөнүн мугалимдери үчүн «Санарип мугалим Дубай» сынагы башталды. Конкурс этаптардан туруп, май айына чейин уланат. Жеңүүчүлөр июнда Дубайга эс алууга жана тажрыйба алмашууга барышат.
Кыргызстандагы «Арашан» асыл тукум койлору бир гана өлкө ичинде эмес, Орусия жана Казакстанда дагы жогору бааланып келет. Бул асыл тукум кантип пайда болгон? Анын башка койлордон артыкчылыгы эмнеде? Бул суроолорго …
Күндүн суукташы менен адамдарда кулак, мурун жана тамак оорулары күч алганы байкалат. Бул учурда кантип кам көрүү керек жана жогорку дем алуу органдары бири-бири менен кандай байланышта, коронавирус бул органдарга …
Жаңы жылды баштап жатып, көпчүлүк жаңы жашоо баштоону, көптөгөн максаттарды ишке ашырууну максат кылат. Бул учурда максатка жетчү багытыбыз анык болуп, эффективдүү пландоо маанилүү. Бул тууралуу убакытты эффективдүү башкаруу марафонунун …
Адамдар көп учурда бир күндүк, жумалык, айлык, жылдык пландарды түзүп ага жетүүгө аракет кылышат. Сиз дагы бул жылга жакшы пландарды коюп жаткан болсоңуз убакыт менен мамилеңиз кандай экенин текшерип көрүүнү …
Жылдын жаңырышы менен көпчүлүк эски жылдын жыйынтыгын чыгарып, жаңы максаттарга умтулат. Ушул жылга коюлган максаттарыңыз орундалабы? Ал максаттар “сиздикиби”? Кыял, максат жана визуализация тууралуу психолог Нурзада Нурбаева айтып берет.
Жаңы жыл майрамы белгиленип эми жылды кантип пландап, кандайча баштоо керек, канткенде жылды натыйжалуу өткөрүп, пайдалуу иштерди жасоого болот?-деген суроолор пайда болууда. Ушул жана башка суроолорго бүгүнкү макаладан жооп табасыз.