Чоң Тогузбай айылынын тургуну Эльнура Доктурбаева кесиби боюнча мугалим. Азыркы учурда декреттик өргүүдө олтурганына байланыштуу, үйүндө “Несушка Тайланд” пародасындагы тоокторду багып, жумурткасын сатып, киреше табууда.
Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы №19 мектебинин сырткы көрүнүшү жана спортзалы жаңыланып жатат. Ремонт иштери жергиликтүү бюджеттен, республикалык бюджеттен жана Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.
Кочкордун Төлөк айылынын тургуну Сымбат Кудайбергенова көз жоосун алган түймөлөрдү түйүп, аларды сатып, киреше табат. Ал жакынкы убактан бери кыз-келиндердин суранычы менен атайын чакан курс ачып алган. Бул курска айылдык …
Суусамыр жайлоосунда жергиликтүү эл жайында тыным албай конок тосуп иштейт. Алардын бири Асылбүбү Аземова электр энегиясы жете элек Арамза жайлоосуна жайкы эс алуу жайын ачкан. Ал электр энергиясын суудан жана …
Кыргызстанда күндүн ысыгы +40 градуска чейин көтөрүлүп жатат. Синоптиктер абанын жогорку температурасы 3-июлдан тарта төмөндөөрүн айтышууда. Аптаптуу ысыкта тамак-аштан улануу, ич өтүү, тамагы оорусу күн өтүү сыяктуу бир топ оорулар …
Жылдызай Турдубекова Clever аталышындагы эко баштыктарды тиккен бренддин негиздөөчүсү. Ал эко баштык тиктирип, Бишкекте сатат. Ишкер аял башка аялдарды да иш менен камсыздаганга аракет кылат. Зыйнат Самар кызы Бул …
Суусамыр өрөөнүндө жайдын келиши менен малчылар үчүн кой кыркуу мезгили башталды. Буга чейин малчылар койлордун жүнүн кайчы менен кыркып келсе, акыркы убактарда атайын кызмат көрсөтүлүп калды.
Бир тууган жаш шахматчы кыздар Сезим, Умай жана Алла Адамовалар Европага шахмат мелдештерине кетүү алдында турушат. Апасы Айжан Шаботоева менен бирге кыздардын кыялдары, максаттары туурасында маек курдук.
24-июнь күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында Соң-Көл фестивалы болуп өттү. Фестивалга Чолпон айыл өкмөтүндөгү айылдар катышты. Болуп өткөн фестивалдын максаты Соң- Көлдүн экосистемасын, жайыттарын жана жан- жаныбарларын сактоо, …
Баетов айылындагы борбордук Манас көчөсү мындан бир аз убакыт мурда иретке келтирилип, жаңыдан жасалган. Борбордук Дөрбөлжүн аянтындагы ири соода түйүндөрүнүн алды атайын тосмолор менен тосулуп, кечкисин балдар ойноого, сейилдөөгө ылайыкталган. …
Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүндө апрель айында өтүлгөн түз эфирдин жыйынтыгында айылдагы тротуар төшөө жана сугат суу маселелери чечилди.
Нарын районуна караштуу Куланак-Учкун айылдарында окуу жылынын башында «Эң мыкты класс» сынагы жарыяланган. Класстарды алардын билим сапатына, коомдук иштерге катышына жана үлгүлүү жүрүм-турумуна карашат.
Чолпондун Маданият үйүндө Сагын Эргешовдун » Кыз издейбиз» аттуу концертти болуп өттү. Аны менен куудул Кубан Алимов да келди.
Кыргызстандагы БУУӨП «Новый Ритм» Коомдук Бирикмеси менен биргеликте «Стокгольм+50» улуттук консультацияларынын алкагында Кыргызстандын 7 облусунда 16 жеринде 717 мектеп окуучуларынын жана студенттердин башын бириктирген «Жаштар Кербенин» өткөрдү.
Дүйнө жүзү боюнча ар бир 100 баланын 30у кашка жиликтин башынын, башкача айтканда томуктун толук өсүп жетилбей калуусу менен төрөлөт. Медицинада бул дарт дисплазия деп аталат. Мындай учурда кашка жиликтин …
«АРИС» программасынын негизги максаты Кыргызстанда чакан ишкерликти колдоп, жакырчылыкты туруктуу кыскартууну колдоо болуп саналат. 22-майда бул долбоор боюнча Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын тургундарына маалымат берилди.
Коронавирус пандемиясынан кийин Кыргызстанда 2022-2023 туристтик сезону расмий ачылып, Чолпон-Ата шаарында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйыны өттү. Ага өкмөт башчысы жана облус башчылары катышып, быйыл туристтер абдан көп …
Жыл өткөн сайын Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды алтыгана ээлеп деградацияга учуратууда. Бул маселени пилоттук түрдө жок кылуу иштерин көрүү үчүн атайын техникалар менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков келди.
Кибер куугунтук өспүрүмдөргө гана эмес бардык адамдардын менталдык, психологиялык ден-соолугуна терс таасирин тийгизет. Мунун татаалдыгы көп учурда байкалбай калгандыгында. Өспүрүм айтпаса жардам сурабаса куугунтукка алынып жатканын билүү кыйын. Психолог Зейне …
Төлөк айылы райондон бир аз алыс жайгашкан, климаты да катаал. Эгин айдап, жер-жемиш өстүрүүгө ылайыкташылган эмес. Андыктан айыл эли ар дайым мал чарбагылыгы менен алектенишет. Ишкердик кылуу үчүн жаз мезгелинен …