Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Башкы жаңылык

Казан-Куйган: Энелер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде башталгыч классынын мугалимдери  Айнура Сыдыкова жана Аида Калыкова тарабынан «Энелер » күнүнө карата «Эне үйдүн куту» аттуу спорттук мелдеш өткөрүлдү.

22 Май 2023 жыл 9:43

Ой-Терскен мектебинде «Энелер күнү» белгиленди

Ат-Башы районунун Ой-Терскен мектебинде Энелер майрамы белгиленди. Энелер күнү май айынын акыркы жекшембисинде белгиленип, аталган мектепте үч жылдан бери салтанаттуу майрамдалып келет. Анда 9-11-класстын окуучуларынын апалары чакырылып, аларга белектер тапшырылат. …

22 Май 2023 жыл 9:36

Энелер күнү белгиленди

Кочкор районунун Чолпон айылындагы тойканасында энелер күнү белгиленди. Майрам айыл өкмөтү тарабынан уюшулду.

22 Май 2023 жыл 8:48

«Илимдеги кыздар» долбоору Ат-Башы районунда иш алып барат

Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен бир канча жылдан бери Кыргызстан боюнча ийгиликтүү ишке ашып келе жаткан «Илимдеги кыздар» долбоору Ат-Башы районунда башталат.

17 Май 2023 жыл 9:00

Сандан сапатка. Сүт багытындагы уйларды багуу кирешелүү

Сүт багытындагы асыл тукум уйларды багуу актуалдуу маселе бойдон калууда. Буга ылайык сүт сатуу менен айыл тургундары көп алектенип жаткан учуру. Азыркы тапта Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Токтосун …

16 Май 2023 жыл 12:46

Биринчи жолу чычырканактын көчөттөрү тигилди

Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында  беш гектар аянтка төрт жарым миңге жакын чычырканактын тикенексиз,  алтай сортундагы  көчөтү тигилди. Буга чейин чычырканакты  атайын аянттарга тигип, түшүм алуу жокко эсе болгон. “Жашыл Кыргызстан” …

16 Май 2023 жыл 12:44

Оттук: Айылда сүттүн баасы арзандады

Бүгүнкү күндө Нарын районуна караштуу  Оттук айылында тургундар сүттү литрин 24 сомдон сатып жатканы маалым болду. Бул күнүмдүк эле көрүнүшпү же болбосо сүттүн баасы арзандап жатабы?

14 Май 2023 жыл 21:01

Кыргыз тилинде ата-энелер үчүн маалымттар жетишсиз

Бишкекте «Заманбап ата-энелердин заманбап балдары»- аталышындагы ата энелер үчүн форум болду. Бул 2 жарым ай мурун башталган “Эне балага канат” — коомунун иш-чараларынын бири. Аталган коом балдарды жаш кезинен физикалык, …

13 Май 2023 жыл 16:23

Казан-Куйган: Министр Түгөл уулу Усупбек мектебине келди

12-май күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өз сапары менен келип кетти. Иш-чарага Нарын мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин …

12 Май 2023 жыл 15:31

“Жайылма токойлорду коргоо жана сактоо” конференциясы өткөрүлдү

Кочкор районунда “Жайылма токойлорун коргоо жана сактоодо жергиликтүү жамааттын ролун күчөтүү” долбоорунун алкагында конференция уюштурулду. Иш-чара «Мирбек- Нур» коомдук фонду тарабынан аткарылды.  ГЭФ БУУОПнын чакан гранттар программасынын ICCAGSI Глобалдык демилгесинин …

12 Май 2023 жыл 14:36

Казан-Куйган: Дене тарбия мугалими гиря көтөрүү таймашында 1-орунду ээледи

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Марс Аскербек уулу гиря көтөрүү боюнча спорттук таймашта 1-орунду багындырды. Аталган спорттук таймаш Жалал-Абад облусунда өткөрүлүп, ага 2000 …

11 Май 2023 жыл 10:57

Айдоо-себүү кызмат акылары кымбаттады

Азыркы учурда Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүндө жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан убагы. Солярканын жана айыл чарба техникасынын тетиктеринин кымбат болушу, айдоо-себүү кызмат акыларынын жогорулашына алып келген.

10 Май 2023 жыл 17:45

Сүрөт баян: Базар-Коргондо «Өлбөс полк» жөө жүрүшү болду

9-майда Базар-Коргон районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 78 жылдыгына арналган «Өлбөс полк» жөө жүрүшү өттү. Жеңиш күнүнө арналган жөө жүрүшкө Базар-Коргон районунун администрациясынын кызматкерлери, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү, райондук …

10 Май 2023 жыл 11:00

Кочкор: Алманын баасы жогору, сапаты кандай?

Кочкор өрөөнүндө алма өстүрүүгө климаты, топурагы дагы ыңгайлуу, бирок көп өлчөмдө алма өстүрүп жана сатуу эң төмөн пайызды түзөт. Жемиш сатуучулар алманы Көлдөн,Чүй жана Түштүк тараптан салып келип сатышат.

9 Май 2023 жыл 12:57

Бала төрөлгөндөн тартып депозит ачыңыз!

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын тургуну Салима (аты өзгөртүлдү) жолдошу менен уулуна депозит ачып, ал мектепти аяктаган соң бир бөлмөлүү батир алып беришкен.

9 Май 2023 жыл 12:20

Социалдык контракт алган үй-бүлөлөрдүн долбоорлорун жеринен көрүштү

Тогуз-Торо районунда социалдык контракт алган үй-бүлөлордүн иши тууралуу жергиликтүү бийлик таанышуу ишин жүргүздү.

7 Май 2023 жыл 15:16

Тогуз-Тородо “Манас” айтуу сынагы өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунда Ж.Кыдыров атындагы эс алуу паркында Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Каныкейдин жомогу» чагылдырылып, билим берүү кызматкерлери, окуучулар жана тарбиялануучулар, жалпысынан 1250 адам хор менен «Манас» айтышты.

7 Май 2023 жыл 14:54

Базар-Коргондо 1500 окуучу Манас айтты

Базар-Коргон районундагы Асилбек Текебаев атындагы борборук стадионунда жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары жана маданият кызматкерлери менен бирдикте “Урааным Манас” топ менен Манас айтуу сынагы болуп өттү.

7 Май 2023 жыл 12:49

Жети дубандын спортчулары катышкан турнир өттү

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл – Туу айыл өкмөтүнө караштуу Исмаил айылында Иса Отогул уулунун жаркын элесине арналган бокс боюнча ачык мелдештин ачылыш аземи жана жарым финалы болуп өттү.

6 Май 2023 жыл 22:41

Ноокат: Т.Айбашев атындагы орто мектепке компьютерлер келди

Кулатов айыл аймагындагы Т.Айбашев атындагы орто мектепке «Келечек үчүн билим берүү» долбоору тарабынан балдардын билимин жогорулатуу максатында 20 компьютер, 6 проектор, бирден хаб жана 2 комутатор берилди. 

6 Май 2023 жыл 16:42
Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...