Нарын облусунунун Кочкор районуна караштуу Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Окуу керемет» долбоорунун негизинде семинар болуп өттү. Ага Кочкор районунун ар бир мектебинен жалпы 43 мугалим жана Кочкор райондук …
Ак-Талаа районунда 21-март Нооруз майрамына карата жеке ишкер Жылдыз Коконбаева жана райондук мамлекеттик админстрациясынын уюштуруусунда “Арыба кыргызымдын нарктуулугу” аттуу салтанатта «Мыкты сүмөлөк» жана «Мыкты бозо» сынагы өткөрүлдү. Ага атайын комиссия …
20-мартта Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Нооруз майрамына карата, Тянь-Шань паркындагы М.Баетов атындагы маданият үйүндө «Жадырап кел, Нооруз» аталышындагы майрамдык иш чара болуп өттү.
19-март күнү Кочкор айылында «Аймактардын өнүгүүсүнө туризм жол ачат» деген темада тегерек стол болуп өттү. Жыйында бул тармактагы маанилүү жана көйгөйлүү маселелер талкууланды. Жыйынтыгында жергиликтүү көйгөйлөрдү райондук администрация, айыл өкмөт …
Кыргыздын улуттук майрамы болгон Нооруз өзгөчө шаң менен өтөт. Күн менен түн теңелген жаз майрамын кыргызда жаңы жыл катары белгилеп келишет. Ак-Талаа районунун Жеңиш сейил багында көктөм майрамына карата салтанаттын биринчи …
Нооруз майрамын Кочкор районунун тургундары жана меймандары өзгөчө шаң менен белгилешти. Мамлекеттик ишканалардын, бала-бакча, мектептердин кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш көргөзмөсү майрамдык концерттик программа менен коштолду.
18-мартта Кочкор районунун Аблес уулу Алайдар орто мектебинде “STEM кербен-2024” иш-чарасы өттү. Бул иш чарага окуучулар, ата-энелер, мугалимдер, райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр катышышты. STEM кербендин максаты — STEM билимин …
Бүгүн «Балдарды коргоо борбору» жана БУУнун Балдар фонду(ЮНИСЕФ) Кочкор районундагы Ишенаалы Арабаев атындагы мектеп гимназиясында»STEM кербен- 2024″ иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага STEM мүмкүнчүлүктөрүнө кызыккан бардык ата-энелер, окуучулар, жергиликтүү активисттер, мугалимдер чакырылган. …
Быйыл Ак-Талаа районунда улустун улуу күнү Нооруз майрамы зор салтанат менен белгиленүү алдында турат. Бул үчүн даярдыктар башталды. Тактап айтканда, «Арыба, кыргызымдын нарктуулугу» аттуу маданий салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бүгүн райондун …
«Балдарды коргоо борбору» жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кочкор районундагы Ишенаалы Арабаев атындагы мектеп гимназиясында»STEM кербен- 2024″ иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага STEM мүмкүнчүлүктөрүнө кызыккан бардык ата-энелер, окуучулар, жергиликтүү активисттер, мугалимдер чакырылган.
Нарын райондук балдар-уландар спорттук мектебинин машыктыруучусу Карыбек Бошубеков КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Ал Дөбөлү айылына Нарын шаарынан келип балдарды грек-рим күрөшү боюнча машыктырат.
Ак-Талаа районунда 8-март Аялардын Эл аралык күнүнө карата билим берүү мекемелеринде эмгектенген айымдар арасында волейбол жана аркан тартыш боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Ага райондогу мектеп жана бала бакчалардан жалпы 23 …
Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан мектеп окуучулары арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн өсүп келе жаткан муунга таанытуу максатында жарыялаган сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Бүгүн Кочкор айылында Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чара улуттук баш кийим кийген мырзалардын жөө жүрүшү менен башталып, маданий расмий бөлүгү райондук маданият үйүнүн алдында уланды.
Бүгүн Кочкор айылында Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чара улуттук баш кийим кийген мырзалардын жөө жүрүшү менен башталып, маданий расмий бөлүгү райондук маданият үйүнүн алдында уланды. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын …
Бүгүн Ак-Талаа районунда 3-март Мамлекеттик Туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы жана 5-март ак калпак күнүнө белгиленди.
Ак-Талаа районунда мекемелер, спорт сүйүүчүлөр арасаныда волейбол боюнча мелдеш өттү. Аталган мелдеш 5-март КРнын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналып, райондук сот кызматкерлери демилгеси менен уюштурулду.
Нуржан Садыриева учурда Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылында 3 чакырым жөө жол басып, фельдшер болуп эмгектенет. Нарын шаарында төрөлүп-өскөн каарманыбыз аталган шаардагы медициналык окуу жайдан билим …
Ак-Талаа районундагы мектеп окуучулары арасында “Манас таануу” таймашы болуп, ага райондогу 18 мектептен 32 команда катышты. Таймаштын жүрүшүндө Саякбай Каралаевдин варианты боюнча суроолор берилди. Ошондой эле суроолор эпостогу кайсы окуяга …
Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын энелери даңк медалдары жана баатыр эне ордендери менен сыйланышты. Учкун айыл аймагына Учкун, Куланак жана Жылан — Арык айылдары кирет. Үч айылдан 5 эне …