Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: toktoyankm

Токтоян: ФАО тарабынан айыл тургундарына уй берилди

Швейцариядан алынып келинген өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн Кыргызстанда өндүрүү максатында уюм түзүлүп, Токтоян айылынын айрым тургундары да бул уюмга мүчө болуп, өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн себишкен. Аларга жакшы кам көргөндөрү үчүн эмгектеринин үзүрү кайтып, …

Токтоянга калың кар түштү

Түп районунун Токтоян айылында 70-80 сантиметрдей кар түшү. Бул кардын калың түшүшүнө байланыштуу окуучулардын мектепке баруусу бир кыйла кыйындады.

Токтоян: Спорт зал жок болгондуктан кышында окуучулар класста сабак өтүшөт

Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөз мектебинде спорт зал салына баштап, бирок учурда ал токтоп турат. Качан аягына чыгарылары азырынча белгисиз. Окуучулар кышкысын спорт залдын жоктуган кыйынчылыктар болуп жатканын айтышат.

Токтоян: Мөндүрдүн кесепетинен жер-жемиштер жабыркады

Быйыл айылда мөндүр түшүп, жер-жемиштердин көбүн уруп кеткен. Тургундардын алган түшүмдөрү мол болгону менен жааган мөндүрдүн кесепетинен көбүнчө жашылча-жемиштер зыянга учураган.

Токтоянда жыйып-терүү иштери аяктап калды

Айылга суук түшө баштагандыктан, жыйып-терүү иштери аяктап калды. Токтояндын тургундарынын айтуусунда, быйыл суук жылдагыга караганда эртерээк түшүп, иштер бир аз да болсо бүтүп калган.

Токтоянда окуучулардын өзүн-өзү башкаруу айлыгы жүрүп жатат

Токтоян айылынын мектебинде окуучулардын өзүн-өзү башкаруу айлыгы жүрүп жатат. Бул айлыкта класстар боюнча эң таза класс, эң тартиптүү класс, эң активтүү класс болуп сынактар жүрүүдө.

Токтоянда карылар айлыгы жүрүүдө

Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов мектебинде карылар айлыгы жүрүп жатат. Бул айда окуучулар класс класска бөлүнүп, улгайган адамдарга өз колдорунан келишинче жардам беришүүдө.

Токоянда кыргыз тил айлыгына карата кече болуп өттү

Кыргыз тил айлыгы облус боюнча жүрүп жатат. Бул айлыкта кыргыз тили жөнүндө ар кандай дилбаяндар жазылып, кечелер өтүлүүдө. Мындай иш-чара Түп районунун Токтоян айылында да болуп өттү.

Класстар арасында «Жаратылыш жана мен» сынагы болуп өттү

Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде класстар арасында “Жаратылыш жана мен” сынагы болуп өттү. Сынакта 9-класстын окуучулары жеңүүчү аталды.

Мектепте мугалимдер күнүнө карата кече өтүлдү

Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин 9-классынын окуучулары мугалимдер күнүнө карата кече өтүштү. Кечеде тамашалуу оюндар, сценкалар коюлду. Ошондой эле кечеде ардактуу мугалимдер конокко чакырып, аларга сөз берилди.

Токтоянда дублёрлор күнү өтүүдө

Түп районуну караштуу Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов мектебинде дублёрлор күнү өтүүдө. Бул күндөр окуучулар мугалимдердин ордуна жакшы билген, жакшы көргөн сабактарын класстарга өтүшөт. Бул дублёрлор күнүнө 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар …

Токтояндык окуучулар таруудан айнек бетине сүрөт тартуу сынагына даярданууда

Быйыл тарых жана маданият жылы болгондуктан, Түп району боюнча сынак өткөнү жатат. Бул сынакка таруу менен айнек бетине түшүрүлгөн сүрөттөр көрсөтүлмөкчү. 

Чоң бет кичи жайлоосу эс алуучуларды өзүнө тартууда

Түп районундагы бул жайлоо кооздугу менен эс алуучуларды өзүнө тартып келет. Эс алып келгендердин көпчүлүгү шаар тургундары.

Токтоян: Мектепте ремонт иштери аяктап калды

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде ремонт иштери соңуна чыгып калды. Акча каражаты кеч бөлүнүп берилгендигине байланыштуу быйыл мектеп иштери кеч болуп жатат.

Токтоянга жүн тытуучу аппарат келди

Буга чейин айыл тургундары жүндөрүн башка жактарга алып барып, же өз колдору менен көп убакыт коротуп тытып келишкен. Айылга бул жүн тытуучу машина элдин  сунушу менен Атрадный айылынан алынып келинип, …

Токтоянда жайкы эс алуу кандай өтүүдө?

Токтояндагы окуучулардын кээ бири бош убаккытты китеп окууга бөлүп жатса, кээ бири ар түрдүү оюндарды ойноп, эс алуу кызыктуу болуп жаткандыгын айтышууда.

Токтянда сүттүн баасы арзандоодо

Түп районунун Токтоян айылында сүттүн баасы барган сайын төмөндөп, айыл тургундарынын нааразычылыгын жартууда. Буга чейин 10-15 сомдон сатылган сүттүн литри учурда тогуз сомдон болууда.

Токтоян: Жаан басылбагандыктан айылдагы чөп маселеси курч алууда

Быйыл аба ырайы кескин өзгөрүп, жаандын жаашы басылбай, айыл тургундары чөп чаба албай жатышат. Алар чөп кургабай, чабылган чөптөр четинен чирип жаткандыгын айтышууда.

Айылда ФАО тарабынан уюштурулган концерт болуп өттү

Токтояндын тургундарынан түзүлгөн топ айыл жашоосунда болуп жаткан көйгөйлөрдү жеткирүү үчүн ар кандай терс көрүнүштөрдү сахналаштырып элге тартуулады.

Токтоян: Көз оорусуна чалдыккан айыл имамы

Буга чейин беш-алты жыл бою айыл имамы болуп келген 37 жаштагы Тыныбек Зундунов көз оорусуна чалдыгып калды. Ал бейтапканаларга барып жылына текшерилип жүрүп, бирок, бул оорусу уламдан-улам күчөп, азыркы абалы жакшы …

Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...