Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: toktoyankm

“Токтоян жаңылыктары” аттуу журнал жарык көрдү

“Токтоян жаңылыктары” аттуу журнал Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы жамааттык мультимедиа борборунда жарык көрдү. Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн журналда айыл жаңылыктары атайын бөлүмдөр менен сунушталат.

Колунан көрүү төгүлгөн Гүлмира эже

Түп районуна караштуу Токтоян айылында өнөрлүү кыз-келиндер көп. Алардын бири курак курап, сокмочулук менен алектенген Гүлмира Бакашова.

Пайдалуу кеңештер: Кургак чайдын пайдалары

Айыл тургундары, кургак чайды кайнатып ичип бүткөндөн кийинки калган  калдыктарын жөн гана ысырап кылбастан аларды пайдалуу жактарын билип, аны пайдалуу гана жакка колдонуп келишкен.

Токтояндагы ФАПтын курулушу жакын арада бүтөт

Түп районуна караштуу Токтоян айылыда жаңы фельдшердик-акушердик пункту (ФАП) октябрь айынан тарта салына баштаган. Учурда анын курулушу бүтөйүн деп калды.

Токтояндын кооз жерлеринин бири — токой

Түп районуна караштуу Токтоян айылында көптөгөн кооз жерлер бар. Алардын катарына айылдагы токой дагы кирет.

Токтоянда балдар үчүн кичи лагерь ачылды

Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебиндеги Ак-тилек балдар уюмуна кирген окуучулар үчүн алтынчы күндөрү лагерче ачылды. Лагердин эң башкы артыкчылыгы — бекер болгондугу.

Токтояндын уз-чебери Жумакан эне

Токтоян айылынын тургуну Жумакан Канкелдиева шырдакка кооз жана татаал оюуларды түшүрүп, үй көркүн ачкан шырдактарды жасайт. Жумакан эненин эмгегин жалпы айыл билет. Азыр деле анын кардарлары көп.

Токтоянда балдардын укугун коргоо темасында тарбиялык саат ѳтүлдү

Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде балдардын зоордук зомбулугун алдын алуу боюнча 7-9-класстын оокуучуларына мектептин соцпедагогу Канат Асанакунов тарбиялык саат өттү. Анда балдардын укугун коргоо, өзүн алып жүрүүсү боюнча талкулар …

Токтоянда “Ак илбирс“ жумалыгы өтүп жатат

Ак илбирстерди коргооп калуу максатында жумалык Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде өткөрүлүп жатат. Бул жумалыкта окуучулар ак илбирстерди канткенде коргой алышат жана кантип жаратылышка кам көрүш керектигин үйрөнүшмөкчү.

Токтояндын тургундары алое гүлүн даары катары колдонушат

Айыл тургундары алое гүлүнүн даарылык касиетин билишип, аны үй шартында гүл да, дары да катары колдонуп көнүп калышкан. Кыргызстанда бул гүл өспөсө да, аны башка мамлекеттерден көчүрүп келишип колдонушат.

Токтоянда уйлар шарп менен ылаңдады

Айыл тургуну ФАОдон алган ую шарп менен ылаңдаганын, андан башка уйларга да жугуп жатканын айтты.

Токтояндыктар арчаны үй шартында өстүрүшүп, оорулардын алдын алышат

Түп районундагы Токтоян айылынын тургундары арча көп ооруларды алдын аларын билишип, аны үй шартында да өстүрүп алышууда. Айыл тургундары арчаны барктап-баалап колдонушат жана анын касиеттерин билишет.

Токтоянда окуучулар өрмө өрүп сайма сайышат

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Коёнкөзов орто мектебинин окуучулары кол эмгек сабагында кыздар сайма сайса, эркек балдар ат жабдыктарын жасашат.

Сары Тологой айылында жаңы мектеп ачылды

Түп районунун Сары Тологой айылында 8-ноябрь күнү Калыс Эгембердиев атындагы мектеп ишке берилди. Бул мектеп 2015-жылы мамлекет тарабынан каржыланып, салына баштаган. Жаңы мектепке кирген окуучулардын кубанычына чек жок.

Токтоянда жаңы ФАП курулуп жатат

Түп районуна караштуу Токтоян айылында АРИС уюмунун каржылыгында  жаңы ФАП курулууда. Курулуш иштери 16-октятябрдан башталды.

Токтоян: “Адептүүлүк – адам көркү“ атту темада ачык сабак өтүлдү

Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде 2-класстын уюштуруусундагы “Адептүүлүк — адам көркү” деген темада ачык сабак өтүлдү. Бул ачык сабакта балдарды адептүү болууга үйрөтүү жөнүндө сөз болду.

Токтоян: Мектепте практикалык иштер үчүн техника жетишсиз

Ашырбай Коёнкөзов мектебинде компьютерлердин аздыгынан, информатика сабагынан окуучулар үчүн практикаларда иштөөдө кыйынчылыктар туулат. Учурда компьютерлер бар, бирок көбү ишке жараксыз.

Токтоян: Мектепте 1-класстар Ак-Тилек уюмуна мүчө болушту

Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде 1-класстар Ак-Тилек уюмунун “Сейтек» баскычынын мүчөсү катары кабыл алынды. Алар өз анттарын берүү менен бул уюмга мүчө болуп калышты.

Токтоянда “Тарых жана маданият” жылына карата иш чаралар өткөрүлүүдө

Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинин окууучулары маданиятка, тарыхка жана тилге байланыштуу кече, тарбиялык сааттарды өткөрүшүүдө. Бүгүн 6-класстын уюштуруусундагы “Тил улуттун тагдыры” аттуу тарбиялык саат өтүлдү.

Токтоян: Айыл тургуну коён багып, аны дары катарында пайдаланууда

Токтоян айылынын тургуну Талант Асанбаев коёндорду багып, алардын этин дары катарында пайдаланууда. Анын бул иш менен алектенип жатканына аз убакыт болсо да, ал коён багуунун сырын жакшы өздөштүргөнүн айтат.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...