Суусамыр айылында Тынчтык кѳчѳсүндѳ кичи футбол аянтчасы курулуп баштады. Буга чейин айылда футбол талаасы болгон эмес, футбол сүйүүчүлөр мектептин артындагы ачык жана шарты жок спорт аянтчасында ойноп келишкен.
Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектептин ашканасы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Быйыл кыргыз сомуна 25 жыл толду. 25 жыл ичинде кыргыз сому өзүнүн туруктуулугун далилдеп, күндөн-күнгө коргоочу элементтери жакшырып, атүгүл акыркы чыгарылган 2000 сомдук валюта Эл аралык сынактарда “Эң мыкты” аталды.
Бүгүн 12 — сентябрь күнү Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде биринчи жолу президенттик шайлоо болуп өттү. Бул шайлоону тарбия завучу Абдылдабекова Гульмира уюштуруп, салтанаттуу турдө тизим болду. Шайлоого 10-11 …
31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Суусамыр айыл өкмөтүнүн алдында салтанаттуу жыйналыш болуп, айылдын өнүгүшүнө салымын кошкон айыл тургундары грамоталар менен сыйланышты.
Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин агрардык комиссиясынын ишмердүүлүгү тууралуу талкуу болуп өттү. Талкуунун жүрүшүндө туруктуу агрардык комиссиянын төрагасы Урмат Алыпсатаров жана мүчөсү Муканбет Койчукеев суроолорго жооп беришип, комиссиянын …
«Суусамыр FM» радиосунда «Демократия сааты» программасынын алкагында «Кыз ала качуу бул-кылмыш» деген темада, студиянын коногу айымдардын укугун коргоп жүргөн активист айым Айнагүл Мураталиева маек курду.
Суусамырлык ишкерлер тез арада, ылайсыз курулуучу үйлөрдү Кыргызcтанда экинчи жылы куруп келе жатышат. Бул үйлөр экологиялык жактан таза, өрткө туруктуу жана жогору эмес баада дешет куруучулар.
20-30-июлда «ММК колдоо борбору» тарабынан «Демократия лагери» аталыштагы лагерь болуп өттү. Лагерь Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Жетиген» пансионатында уюштурулуп, «Суусамыр FM» жамааттык радиосунун ыктыярчылары катышып келишти.
«Суусамыр FM» радиосунда «Демократия сааты» программасынын кезектеги уктуруусу үй-бүлөдөгү айымдардын укугуна байланыштуу болду.
Суусамыр өрөөнүндөгү “Суусамыр FM” радиосунун 3 жылдан берки кабарчысы Самар кызы Зыйнат быйыл мектепти бүтүрүп жаткан кези. Буга чейин ал келечектеги кесибин тандап койгон. Ал журналистика факультетине тапшырууга бел байлады.
Суусамыр жамааттык радиосунун түз эфиринде Муниципалдык менчик деген эмне жана Суусамыр айылындагы муниципалдык ишкананын иши тууралуу кеңири маек болду.
Суусамыр айылынын кире бериш жерине айылдын аты жазылган арка коюлду. Бул арканы Суусамыр орто мектебин жыйырма жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлѳр тарабынан коюшту. Азыркы учурда арка орнотулуп бүтүп айыл тургундарына …
Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде 25-май “Акыркы коңгуроо” майрамы болуп өттү. Быйылкы 11-классынын бүтүрүүчүлөрү абдан толкундануу менен бирге салтанаттуу майрамды жогорку деӊгээлде ѳткѳрүштү.
28-майда Суусамыр FM жамааттык радиосунун түз эфиринде «Демократия сааты» уктуруусунун алкагында «Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы» тууралуу маек курулду.
Жайыл районунда ѳтүлгѳн “Жыл мугалими”сынагынан Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Бакаева Асель Садыбакасовна 2-орун алды. Бул сынак Жайыл районундагы бардык мектептердин арасында ѳттү.
19-майда кѳптѳн күткѳн « Акыл Ордо» интеллектуалдык долбоору Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде болуп ѳттү. Сынак 5 мектепте окуучулар арасында эң мыктысы тандалып, супер финалга жолдомо алышкан.
Бүгүн 21-майда жергиликтүү кеңештин кезектүү 17-сессия болду. Жыйынга 19 депутат катышып, күн тартибинде Суусамыр айыл өкмөтүнүн адистеринин 2017-2018-жылдар үчүн аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу, “Суусамыр FM” радиосунун иштери тууралуу маалыматын …
“Суусамыр FM” жамааттык радиосунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнө арналган түз эфирдеги талкуу болду. Бул уктуруу “Демократия сааты” долбоорунун алкагында даярдалып, Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фонду тарабынан каржыланууда.
Жайыл районунун Суусамыр айылындагы таза суу түтүктѳрү бузулуп, жанындагы кудуктардын оозу ачылып калганына беш жылга чукулдап калды. Айыл тургундары ичинен чака менен суу тартып алууга мажбур. Буга чейин биз бул …