Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында окуучуларга адам укуктары боюнча Азамат Шаршендин “Жашоо керемет” аттуу даректүү тасмасы акысыз көрсөтүлдү. Бул иш чараны “Sumbula FM” жамааттык мультимедиа борбору ишке ашырды.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында жаз жылдагыдан эрте келип, жазгы талаа иштери эрте башталды. Учурда жергиликтүү элдер арпа, буудайларын эгүү үстүндө.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Хамдан Жусупов 15 жылдан бери унаа оңдоп, үй-бүлөсүн багат. Ал унаа оңдоону атасынан үйрөнгөн.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айылына жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда. Буга чейин айылда мындай аянтча болбогондуктан футбол сүйүүчүлөр Лейлек районунун борбору Исфана шаарына барып ойноп келчү.
Лейлек районундагы Сумбула айылында окуучулар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатышат? Бул суроо менен мектеп окуучуларына жана ата-энелерге кайрылып көрдүк.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 10-класста окуган Хамзамон велосипед оңдоп, каражат жагынан үй-бүлөсүнө жардам берет. Ал күнүнө он велосипед оңдойт.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын талааларында каракурт көбөйдү. Быйыл каракурттан жабыркагандардар каттала элек. Өткөн жылы төрт адам жабыр тарткан.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын жайлоолорунда быйыл мал өлүмү көп катталууда. Бул илдеттерге каршы вакциналардын жетишсиздигинен улам болууда.
Сумбула айыл аймагынын Айна-Таш жайытында 8-июль күнү “Картошка талаа күнү” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга ар кандай уюумдар, райондун, айыл өкмөттөрүнөн келген фермер-дыйкандар катышты.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Андарак, Искра айылдарына «Кыргыз телекомдун» демилгеси менен кабелдик интернетке туташтыруу иштери жүрүп жатат. Кабелдик интернет август айынан баштап иштейт.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында тезек кургатуу иши кызуу жүрүп жатат. Айылда кыштын узак болгондугуна байланыштуу отун көп керектелет.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында күндүн ысып кеткенине байланыштуу быйыл чөп чабык иштери эрте башталды. Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн жер адиси Бахридин Өмүрзаков билдирди.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында быйыл өрүктүн түшүмү жылдагыдан мол болду. Учурда айыл тургундары бактарындагы өрүктүн түшүмүн жыйнай баштады.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Исфана-Андарак-Көк-Таш жолунун 600 метрине сентябрга чейин асфальт төшөлөт. Ал эми Андарак айылындагы ар бир үйгө таза суу киргизилет.
Лейлек районундагы Андарак-Исфана жолунун эки капталы таштандыга толуп калганын байкоого болот. Бул боюнча Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча экология жетекчиси менен маек курдук.
Лейлек районунун борбордук мечити толугу менен оңдолуп бүтөөр алдында турат. Оңдоп-түзөөгө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мурат Жураев демөөрчү болгон.
Исфана шаарында жаңы “Одноклассники” аттуу кафе өз ишин баштады. Жакшы шарттагы кафени Орусияда иштеп келген мекендештерибиз түптөдү.
Лейлек районундагы Сары-Дөбө айылынын тургуну Бабабек Умурзаков өзү ACTED уюмуна кайрылып, алардын жардамы менен жем даярдоочу станок алган.
Лейлек районундагы Сары-Дөбө айылынын тургуну Нургазы Исмановдун демилгеси менен түптөлгөн тамчылатып суугаруу долбоору иштеп жатат. Бул жерди курууга Германия кызматташтык уюму колдоо көрсөткөн.
Сумбула айыл өкмөтүндөгү Сары-Дөбө айылында жаңы намазкана курулуп, 26-март күнү колдонууга берилди.