Андарак -Искра айылдарынын борбордук көчөсүнүн боюна узундугу 1,5 км тротуар төшөө иштери башталды.
Лейлек райноуна караштуу Сумбула айыл Өкмөтүнүн Искра айылындагы 84 жаштагы жалгыз бой карыясы Кенже Минжигитовдун жашаган үйү жергиликтүү жаштардын демилгеси менен жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен толук ремонттон өткөрүлдү.
Сумбула айыл Өкмөтүндөгү Андарак участкалык ооруканасына жеке ишкер Авазбек Халботоевдин атынан 550 долларлык кычкылтек концентратор жардам катары аталган ооруканага тапшырылды.
Сумбула айыл Өкмөтүнүн Искра айылындагы «Байчечекей» балдар бакчасы пандемия убагында мамлекеттик кызматкерлердин балдарын кабыл алып, өзгөчө тартипте иштөөдө.
Лейлек районунундагы Исфана шаарында жана Тогуз- Булак айыл өкмөтүндө сел жүрдү. Кесепеттен үйлөргө сел кирип, эгиндерин сел каптады.
Сумбуладагы Искра айылынын тургуну Азреткулов Пиримкулдун үй-бүлөсү пандемия убагында жаштардын демилгеси менен турак жайга ээ болду.
Сумбула айыл аймагында коронавирус ылаңын алдын- алуу жана болтурбоо максатында Өкмөттүн аймагында Андарак орто мектебинин спорт залында күндүзгү медициналык кабыл алуу пункту уюштурулуп жатат.