Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: suluktukm

Сүлүктүдө 9- класстарга бүтүрүү күбөлүктөрү тапшырылды

Бүгүн Сүлүктү шаары боюнча бардык орто мектептерде, техникалык лицейде жана гимназияда 9-классты бүтүрүп жаткан окуучуларга күбөлүк тапшырылды.

Баткен облусу боюнча Болочок энелердин мектеби жайылтылат

Болочок энелер мектеби, анын тарбиялык мааниси, коомдогу орду, Улуттук генофондду сактоодогу таасири жана ушул сыяктуу олуттуу маселелер боюнча, 16- июнь күнү Кыргызстанга атагы чыккан, новатор илимпоз-педагог, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген …

Сүлүктүдөгү «Тоо бүркүтү» лагери ишин баштоодо

Сүлүктүдөгү «Тоо бүркүтү» балдардын эс алуу лагери 2018- жылдын жай мезгили үчүн сезондук ишин баштап жатат.

Сүлүктүдө Орозо айт намазы борбордук аянтта окулат

Сүлүктү шаары боюнча бардык момун мусулмандар Орозо айт намазын 15- июнда окуйт. Бул боюнча Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Молдо Артык Мадаминов «Кудай буюрса Орозо айт намазын 2018-жылдын 15- июнь күнү …

Сүлүктүдө «Нур Вали» мечитинде Кадыр түн кечеси тосулат

Бүгүн 11-июндан 12- июнга караган түнү, кечки Куфтан намазы жана Таравих намаздары окулуп бүткөн соң Кадыр түн кечесин тосуу, Аллага ибадат кылуу жөрөлгөлөрү башталат. Кадыр түн кечесин тосуу 12-июнь күнү …

Кошбулакта мобилдик төлөмдөрдү кабыл алуучу орнотмо иштей баштады

Кошбулакта алгачкы жолу мобилдик төлөмдөрдү кабыл алуучу автоматтык жабдуу иштей баштады. Жабдуу Кошбулактын борборундагы «Икрам Ата» менчик дүкөнүндө орнотулган. «Бул кадимки чоң шаарларда орнотулган эле орнотмо. Азырынча бул автоматты колдонуу …

Сүлүктүдө жол кыймылынын коопсуздугуна көңүл бөлүнүүдө

Сүлүктүдө негизги автоунаа жолунда жол кыймылын жөнгө салуучу белгилер орнотула баштады.  Жол кыймылынын белгилери №3; №7- орто мектептеринин жол тилкелерине, жана Макаевка.аймагында «коркунучтуу бурулуш» белгилери бүгүнкү күндө орнотулган. Кабарчы:    …

Облустук олимпиадага катышкан Сүлүктүлүк гимназисттер Тажикстанга саякатка барып келишти

Предметтер боюнча откөрүлгөн олимпиаданын Облустук туруна жана Республикалык туруна катышып байгелүү орундарды алып келген Сүлүктүдөгү №9- гимназиянын гимназисттери жана даярдаган мугалимдери Тажикстандын музейлерине саякатка барып келди. Ата-энелер комитетинин колдоосу менен уюштурулган …

Билим берүү мекемелеринде жайкы ремонт башталды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде жайкы ремонт иштери кызуу жүрүп жатат. Бул иш- чара боюнча окурмандарыбызга кезеги менен ар бир мекеме боюнча өз алдынча маалымат берүүнү чечтик. …

Сүлүктүдө отличник окуучулардын слетунун 10 жылдыгы белгиленүүдө

Сүлүктү шаардык маданият сарайында Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган отличниктердин слетунун 10- жылдык юбилейи өтүп жатат. Слётко Сүлүктү шаары боюнча бардык мектеп, гимназия жана лицейлерден окуудагы эң мыкты …

Сүлүктүдө «Энелер мектеби» программасы жыйынтыкталды

Сүлүктү шаарындагы мектептерде 2017 -2018- окуу жылына карата түзүлгөн Энелер мектеби жыйынтыкталды. Энелер мектеби программасы Кыргыз Республикасынын эмгек Сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун илимий эксперименттик тажрыйбаларынын негизинде иштелип чыккан «Ата-энелер сиздер …

Сүлүктүлүк «Билим Time» кароосунун жеңүүчүсү салам жолдоду

Бишкектеги жогорку окуу жайынын биринде жыйынтыкталган «Билим Time» китеп окурмандарынын сынагында жеңүүчү деп табылган, Сүлүктүдөгү №9 гимназиянын бүтүрүүчүсү, биринчи курстун студенткасы Алия Шерматова учкан уясына салам жолдоду.

Сүлүктүдө лидер окуучулардын семинары болду

Сүлүктү шаарындагы бардык мектептердин, гимназия жана лицейлердин лидер окуучуларынын катышуусу менен семинар өттү.

Сүлүктүдөгү гимназист кыз гүлдөргө тажрыйба жүргүзүүдө

Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын 6-а классынын гимназисти Мунара Джапарова биология сабагынан алган билимин өз алдынча сынап көрүү үчүн үйдө өсүмдүктүн өсүүсүнө түзүлгөн шарт боюнча тажрыйба жүргүздү. 

Рамазан айынын алгачкы күнү белгиленди

2018-жылга карата Рамазан айынын алгачкы күнү деп 17-май белгиленди. 

Сүлүктү-Лейлек жаштардын биргелешкен дебат клубу ишмердүүлүгүн баштады

Баткен облусунун жаштарынын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү долбоорунун алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын жаштарынан тандалып алынган командалар үчүн бүгүн Исфана шаарында Дебат клуб башталды.

Сүлүктүдө 10 жылдык бүтүрүүчүлөр алгылыктуу демилге жасап жатышат

Сүлүктү шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №7 орто мектебин 2008- жылы бүткөн бүтүрүүчүлөрү алгылыктуу демилге баштап, мектепти бүткөндүгүнүн 10 жылдыгына карата мектептин дааратканасын капиталдык ремонттоо иштерин кызуу жүргүзүп жатат. 

Сүлүктүдө эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды

Улуу Жеңиштин 73- жылдыгына арналган эрежесиз эр уруштун эл аралык турнири жыйынтыкталды. Турнирде 12 рейтинг көтөрүүчү чыгуу болуп бир башкы беттеш жана супер беттеш болду. 

Сүлүктүдө «Өлбөс полк» акциясы жүрүүдө

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында да 9-май Улуу Жеңиштин 73-жылдыгы кызуу белгиленип жатат. Майрамдын салтанаттуу бөлүгү Сүлүктү шаардык борбордук стадиондо өтүүдө. Өзгөчөлөнгөн жери «Өлбөс полк»- жүрүшү болуп өтө көп жарандар катышты. 

Сүлүктүгө көчмө куурчак театры келди

«Сайкал» куурчак театры «Каардуу чал» аттуу чыгармасын Сүлүктүдөгү мектептерде коюп баштады. Кезек менен бардык окуу жайларында, бала бакчаларында коюлуп жатат. Катышкан балдар өтө кубануу менен кабыл алып, кайра келип коюп …

Бейшемби
18 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...