Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: suluktukm

Гапыр Мадаминов Сүлүктүгө билим шамын жакты

«Бүгүн Сүлүктү шаарында билим майрамы болду десек болот. Анткени новатор, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов келип, окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге сабак өтүп берди. Иш чара …

Сүлүктү билим берүү бөлүмү кызматташуу деңгээлин жогорулатты

 Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан билим берүүнү жакшыртуу, жетишкен ийгиликтерди мындан да жогорку даражага жеткирүү максатында республикалык деңгээлдеги уюмдар менен кызматташууну жолго коё алды.

Элеттик жаштар англис тилин вотсап аркылуу үйрөнүүдө

 Региондордогу жаштар  Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты» китебин колдонуу менен иштелип чыккан,  заманбап ыкмада англис тилин ватсап аркылуу үйрөнүүдө.

Баткенде комуз күнү белгиленди

Баткен облусу боюнча 250 комузчунун катышуусунда комуз күнү белгиленди.

Сүлүктүлүк үч гимназист ЮНИСЕФке волонтер болду

 Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын 11-классында окуп жаткан гимназисттер: Халжигитова Нургүл, Самадова Кызжибек жана Абдигапарова Канайым атайын тандоодон өтөндөн кийин ЮНИСЕФке волонтёр болуп катталды.

Сүлүктүдөгү гимназияда кош майрам болду

Сүлүктүдөгү №9-гимназияда билим күнү майрамы менен кошо «Исманали Джумабаевич Карабаев» атындагы китеп окуу залынын ачылуу аземи болду.

Кенчилердин кесиптик майрамы белгиленди

1935-жылы 30-августтан 31-августка караган түнү Россиянын шахталарынын биринде кенчи  Стаханов белгиленген чек 7 тонна болсо, 104 тонна көмүр казып алган. Ошол күндөн баштап мурдагы Советтер Союзу, азыркы КМШ мамлекеттеринин катарында …

Сүлүктүдө Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө

Сүлүктү шаарында эгемендүүлүк күнү өзгөчө шаң менен белгиленүүдө. Алгач салтанаттуу жыйын Исхак Раззаков атындагы борбордук аянтта болуп, бардык мекеме ишканада иштегендер параддан өтүштү. Жыйындын салтанаттуу бөлүгүндө  эмгектеин алдыңкылары сыйланды.

Ар бир бош убакытты китеп окууга арнайлы

Сүлүктүдө болгон окуя жөнүндө социалдык тармактардан алынган маалымат өзгөртүүсүз берилди.       Шаарга бет алардан бир нече күн мурун тиш доктурга кайрылгам. Кезек күткөнчө 1-2 саат  убакыт бар… Аны …

Сүлүктүдө мугалимдердин секциялык иштери жыйынтыкталды

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган предметтер боюнча секциялык иштер болуп өттү. «Бардык предметтер боюнча мугалимдер толук катышып, жаңы программалар, календарлык пландар боюнча типтүү нускамалар кабыл алынды»,- дейт усулкаана …

Сүлүктүдөгү мугалимдердин август кеңешмеси- жаңы багытка өбөлгө болду

Сүлүктү шаарында 2019-2020 окуу жылынын башталышын утурлап, мугалимдердин август кеңешмеси болду. Кеңешмеге Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, шаардын мэри Рахманберди Абдыназаров, шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек …

Курман Айт намазы Сүлүктүдө эки жерде окулду

Бүгүн Кыргызстандын бардык жерлеринде Курман Айт намазы окулду. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки жерде Сүлүктүдө борбордук Нур-Вали мечитинде жана Кошбулактагы Мухаммед мечиттеринде саат 7-45те намаз башталды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал кантип өнүктү

Учурда жалпы Сүлуктү шаары үчүн маанилүү болгон Ош-Исфана-Сүлүктү авто унаа жолунда каттамдар кадимки абалга түштү. 22-июль күнү башталып кеткен чыр чатак кандайча башталды, окуялардын өнүгүүсүнө саресеп салып көрдүк.

Ишкер аялдардын Улуттук конференциясына Сүлүктүдөн да катышуучу барды

 Бишкек шаарында уюшулган «Жаңы импульс»- аталыштагы Ишкер аялдардын Улуттук конференциясына, Кыргызстан боюнча тандалып чакырылган катышуучулардын катарында Сүлүктүлүк жеке ишкер Райхан Абдурасулова болду.

Сүлүктүдө жасалган каражаттар Бишкектин дүкөндөрүндө сатыла баштады

Сүлүктүлүк новатор-ишкер Жусубали Болдубаев тарабынан иштелип чыккан, өзгөчө кирлерди кетирүүчү каражаттар Бишкектеги «Бардыгы 50 сом» соода маркасы менен белгилүү болгон дүкөндөрдө сатыла баштады.

Сүлүктүлүк гимназист Президенттин сыйлыгын алды

Сүлүктүлүк гимназист, Алтын Сертификат жана Алтын тамга ээси Эркинова Айзада Бакытбековна бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алды.

Сүлүктүдөгү гимназия жаңы окуу жылына кабыл алууну улантат

Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясы 2019-2020 окуу жылына окуучуларды 1-класска кабыл алууну улантат.

Сүлүктүдөгү 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк тапшырылды

 Сүлүктү шаары боюнча бардык мектептерде саат 10-00 салтанаттуу жыйын болуп, 9-классты бүтүргөндөргө күбөлүк тапшырылды.

Сүлүктү боюнча алгачкы Алтын Сертификат ээси- Айзада Эркинова

Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы социалдык тармактарга официалдуу түрдө 2019-жылдын Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Алтын Сертификатка жетишкен окуучулардын тизмесин жарыялады.  Маалыматтарга ылайык Сүлүктү шаарынын тарыхында алгачкы жолу 223 балл …

Билим берүү Академиясынын Президенти- Баткен облусунун мугалимдерине кайрылуу жолдоду

2019-жылдын 8—июнь күнү Баткен облусундагы Гапыр Мадамииновдун №3-эксперименталдык гимназиясында болгон мугалимдердин облустук семинары Кыргыз билим берүү Академиясынын Президенти- Алмазбек Токтомаметовдун видео-куттуктоосу менен башталды.  

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...