Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинде ата-энелер менен мектептин мамилесин жакшыртуу максатында ачык эшик жумалыгы болуп өттү. Жумалыкта ата-энелер балдары менен чогуу катышты.
Ооган-Талаа айылы чоң токойлордун арасында жайгашкан. Жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары айылдын кооз жерлерин сүрөткө тартып келишкен.
Базар-Коргон районуна караштуу Коктонду айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) абалы начар. Айыл тургундары мекеменин ичине кирип дарылануу коркунучтуу экенин билдиришти.
№17- Сатыбалды Далбаев мектебинин башталгыч класстары 8-март энелердин майрамына карата концерт өткөзүштү. Концертке окучулардын ата-энелери да келип катышып кетишти.
Ооган-Талаа айылындагы №17- С.Далбаев мектебинин 7-8-класстар арасында 5-март ак калпак күнүнө карата ыр кесе болуп өттү. Окучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.
№17 мектептин окучулары көптөн бери күткөн жаздын келгенине байланышту тазалык күнүн өткөрүштү. Окучулар тазалык күнүндө мектепти жана айланасын тазалашты.
Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинин спорт аянтчасы оңдолду. Аянтты оңдоого окучулар да жардам беришти.