Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: oogantalaakm

Ооган-Талаа: Жол боюна макал-лакаптар жазылган көрнөктөр орнотулду

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын столбаларына макал-лакаптар жазылган көрнөктөр орнотулду. Могол айыл өкмөт башчысынын билдиришинче, жазуулар элди ыймандуулукка чакырыш үчүн орнотулган.

Ооган-Талаа айыл өкмөтүнүн шыбы оңдолду

Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүнүн имаратынын шыбы оңдолду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы билдирди.

Ооган-Талаада «Компаньон» банкы иштеп жатат

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында «Компаньон» банкы ачылды. Банкты имаратын айыл тургуну өз каражатына курган.

Ооган-Талаада көчөгө жарык толугу менен коюлду

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын көптөн бери чечилбей келе жаткан көчө жарык маселеси мындан бир апта мурун 17-декабрда толугу менен оңдолду. Бул тууралуу Могол айыл өкмөт башчысы Эркинбек Турдукулов менен маек курдук.

Майыптар күнүнө карата Ооган-Талаада мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөтүлдү

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы «Ооган-талаа» тобу майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам баштыгын таратты.

Боколдун көпүрөсү кооптуу абалда

Базар-Коргон районунун Бокол айылындагы жалгыз көпүрөнүн абалы көптөн бери начар абалда. Азыркы кезде көпүрөдөн айыл тургундары кооптонуп өтүп жаткан учуру.

Ооган-Талаада окуучулар олимпиадага даярданууда

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде мугалимдер окуучуларын олимпиадага даяроодо. Айылдык деңгээлде жакшы ийгилик көрсөткөндөр райондук баскычка жолдомо алышат. Жаңыл Борбиева 13 жылдан бери ушул мектепте биология мугалими …

Ооган-Талаада селден жабыркаган ички арыктар оңдолууда

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында май айында жүргөн селден жабыркаган ички арыктар оңдолуп, алардын ордуна лоток курулууда.

Ооган-Талаада табигый кырсыктан жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окуу өттү

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында мектеп оокуучулары жана айыл тургундары үчүн табигый кырсык болгон учурда кантип биринчи жардам көрсөтүү керек экени боюнча атайын окуу болуп өттү.

Ооган-Талаада мектепти тазалоо иштери жүрдү

Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде тазалоо иштери жүрүүдө. Бул иш-чараларга 5-11-класстын окуучулары катышты.

Ооган-Талаада көчөгө жарык коюлат

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын көчөлөрүн жарык кылып турган лампалары көптөн бери жараксыз абалда. Айыл өкмөт башчысы көчөгө жарыкты 15-ноябрга чейин калыбына келтирилээрин билдирди.

Ооган-Талаада 11-класстар кыз ала качуу темасында тегерек стол өткөрдү

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде 11-класстардын ортосунда тегерек стол болуп отту. Тегерек стол кыз ала качуу темасына арналды.

Могол айыл өкмөтүнүн имараты оңдолду

Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүнүн имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул иш-чаралар 2016-жылдын август айында башталган.

Ооган-Талаа айылына дамба курулуп жатат

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылына таза суу чыгарып берүүчү дамба курулууда. Курулуш иштери 13-сентябрдан бери уланууда.

Ооган-Талаа: Сезондун мөмө-жемиш бизнеси

Ооган-Талаа айылында жай мезгилинде гаражда мөмө-жемиштерди алып кургатышат. Элден жемишти беш сомдон сатып алаарын айтат Укубаев.

Могол айыл аймагында жаңгак уурдагандарга 2000 сомдон айып пул салынат

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында жаңгак терим жакындаган сайын уурулук каттала баштайт. Бул тууралуу Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов билдирди.

Чарбак айылына спорт зал курулууда

Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылындагы 16-мектебине спорт зал курулууда. Заманбап спорт залды куруу үчүн учурда 2 700 000 сом каражат сарпталды.

Ооган-Талаа: Маданият үйүнө кино, концерттер эмне себептен келбей жатат?

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын тургундары «бир жылдан бери кино, концерт, цирк сыяктуу нерселер келген жок» деп кайрылышты. Бул маселе тууралуу биз маданият үйүнүн башчысы Байыш Осмоналиев менен маек курдук.

Ооган-Талаада чачтарач ачылабы?

Ооган-Талаа айылынын тургундары «чач тарач маселесин айыл өкмөт жакшылап карап чыкса болмок, себеби башка айылдарда бар бизде жок» деп айтышты. Бул маселе туралуу биз Ооган-Талаа айылынын башчысы Муктарбек Дөлдөев менен маек …

Ооган-Талаа айылында токойлор кыйылууда

«Айылда токойлор кыйылып жатат, бул маселени лесхоз көрүп карап чыкса жакшы болмок» деп айтышты айыл тургундары. Бул маселе тууралуу лесхоздун инженери Тайирбек Аскаров менен маек курдук.

Бейшемби
25 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...