Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: oogantalaakm

Ооган-Талаа айылынан чыккан акын

Ооган-Талаа айылынын жаш тургуну Байтурган Сайдимамат уулу ыр жазып, жазган чыгармалары гезит беттеринен орун алып келет.

Ооган-Талаа айылындагы жолдордун абалы

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын ички жолдору начар абалда. Айыл өкмөт башычысы быйыл жалпы узундугу 3 километр болгон ички көчөгө шагыл төгүлөөрүн билдирди.

Ооган-Талаа айылындагы коркунучтуу жарлар

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында ондон ашык кооптуу абалдагы жарлар бар. Айыл тургундары жар көчүп түшүп, жашоолоруна коркунуч туудурабы деп кооптонууда.

Ооган-Талаа айылында малдарга бирка басуу иштери башталды

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында малдарга бирка басуу иштери башталды.

Нооруз майрамында каада-салттар көрсөтүлдү

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын №17 Сатыбалды Далбаев мектебинде Нооруз майрамына карата каада-салттар көрсөтүлдү.

Бокол көпүрөсү оңдолду

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Бокол көпүрөсү жарым-жартылай оңдолду. Калган бөлүгү кар кетээри менен бүткөрүлө турганын айтты айыл өкмөт башчысы. 

Элге кызмат кылган Эламан Романов

Ооган-Талаа айылындагы тиш доктур Романов Эламан. ЖМБнын кабарчылары сиздер менен болмокчу Бүгункү күндө Ооган-Талаа айылында тиш дарылоо бөлүмүнө жаны, жаш кадр келип элге кызмат кылууда. Келгенине 1 эле жыл болгонуна …

Чатыры түшүп калган милиция бөлүмү.

Быйылкы кыш оор болгондугуна байланыштуу Ооган-Талаа айылындагы милиция бөлүмүнүн имаратынын чатыры кулап түшкөн.ЖМБдун кабарчылары сиздер менен болмокчу. Милиция бөлүмүнун кызматкери Сатаров Илгиздин айтымында: имарат эскилигине жетсе да биз бул жерде …

Правда айылында адеп сабагынан берген мугалимдер таймашты

Базар-Коргон районуна караштуу Правда айылында «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата мугалимдер арасында сынак болуп өттү. Сынака үч мектептин мугалимдери катышты.

Ооган-Талаанын жаш кол өнөрчүсү

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында 14 жаштагы Адилет Канат уулу гезиттен тарелка жасады. Бул анын гезиттен жасаган алгачкы эмгеги.

Ооган-Талаанын мектеп периси аныкталды

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 8-мартка карата «мектебимдин перилери» аттуу сынак өткөрүлдү. Ал сынакка 8-9-10-11-класстарынын кыздары катышып, 11-класстын окуучулары жеңишке жетишти.

Баатыр эне

базар-коргон районуна караштуу ооган-талаа айылындагы баатыр эне. жмбнун кабарчылары сурмакан эргешова менен маек курду. сурмакан эргешова 1948-жылы 10-майда туулган. сурмакан эргешованын айтымында: » менин 10 балам бар. мени 1988-жылы төш …

Ооган-Талаадагы маданият үйүнүн отургучтары начар абалда

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы маданият үйүнүн отургучтары жаман абалда. Бул боюнча аталган мекеменин башчысы Байыш Осмоналиев менен маек курдук.

Ооган-Талаада кафе ачылды

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында алгачкы жолу кафе ачылды. Аны айыл тургуну Байыш Осмоналиев салган.

Ооган-Талаада пенсияны банктан ала башташты

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын 103 пенсионери эми пенсияларын «Компаньон» банкынын сактык кассаларынан ала алышат.

Сүрөт: Базар-Коргондо «Мен кыргызстандыкмын» аттуу ыр-бий сынагы өттү

Окуучулар арасында «Мен кыргызстандыкмын» аттуу сынак Базар-Коргон районунда болуп өттү. Ооган-Талаадан барган окуучулар байгелүү орундар менен кайтып келишти.

Сүрөт: Ооган-Талаада окуучулардын жана ата-энелеринин катышуусу менен спорттук оюндар өттү

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында «Дени сак улут, дени сак үй-бүлөө» деген ураандын астында мектеп окуучулары жана алардын ата-энелеринин катышуусу менен спорттук мелдеши болуп өттү.

Ооган-Талаа: 40 жылга жакын убакыттан бери мектепте иштеген Көчкөнбек Раманов

Көчкөнбек Раманов Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде 37 жылдан бери дене тарбия сабагынан берип эмгектенип келет.  

Ооган-Талаанын мугалимдери район борборунда окуудан өтүп келишти

Базар-Коргон районундагы Атабекова орто мектебинде районго караштуу мектептердин мугалимдери «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында окутуудан өтүштү. Ага Ооган-Талаадагы мугалимдер да барып катышып келишкен.

Чкалов айылынан чыккан улакчы Санжар Абдашим уулу

Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылынын тургуну, улакчы Санжар Абдашим уулу кичине кезинен бери эле улак ойноп келет. Улуттук оюнду бул түрүнө атасынын түрткүсү менен кызыгып ойноп калганын айтат ал.

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...