Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kyzylbulakkm

Кулатовдо бодо малдарды идентификациялоо жүрүүдө

«Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык Ноокат районуна караштуу Төрөбай Кулатов айыл аймагында Абшыр Ата жана Кызыл-Булак ветеринардык кызматтары иштеп жатат. Учурда айыл тургундары 350дөй бодо малды каттоодон өткөрүштү.

Кызыл-Булакта чет тил жумалыгы өттү

Ноокат районуна караштуу Ак чал айылындагы Мурзакарим Кудайбердиев жатак лицейинде чет тил жумалыгы болуп өттү. Ага ар бир класстан жетиден окуучу катышып, иш-чара сынак иретинде өткөрүлдү.

Кызыл-Булак: Айылдык кеңештин депуттатары кандай шайланат?

Ноокат районуна карашттуу Кулатов айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңешти шайлоо туурасында Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров менен маек курдук.

Кызыл-Кыядагы Айбек базарынын тазалыгы кандай?

Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Айбек базарында эл соода-сатык менен күн кечирет. Анда иштеген соодагерлерден базардын тазалыгы боюнча сурап көрдүк.

Сүрөт: Кызыл-Булакта СПИДге каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Айбашев мектебинде айылдык дарыгерлердин катышуусу менен СПИД оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кызыл-Булак: Мектепте сасык тумоо күч алууда

Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебиндеги окуучулардын 30 пайызы сасык тумоонун айынан сабакка келбей жатышат.

Кулатов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери шайлоого карата окутуудан өттү

Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнө Мамлекеттик каттоо кызматынан кызматкерлер келип, 11-декабрда өтө турган шайлоого карата операторлорду окутуп кетишти.

Сүрөт: Ноокат районунун жолдору муз болуп калбашы үчүн кум төгүлүүдө

Кызыл-Кыя — Көк-Жар жолуна кышында муз тоңуп калбасы үчүн кумдар себилип, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров: — Бул жолдорго Ноокат …

Сүрөт: Кулатов айыл аймагынын волейбол боюнча мыкты мектеп курамасы аныкталды

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы мектептер аралык волейбол мелдеши болду. Анда он мектептин кыздар курамасы таймашып, 1-орунду Бекиев мектеби алды.

Кызыл-Булактын окуучулары «Карек» кинофестивалында «Мыкты актриса» наамына ээ болду

Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы М.Кудайбердиев жатак лицейинин окуучулары «Карек» фестивалына «Менин дүйнөм» аттуу киносу менен катышты. Жаштардын тарткан тасмасы «Мыкты актриса» наамын алып келди.

Кызыл-Булакка «Балакай» театры келди

«Балакай» театры мультфильм каармандары менен өзгөчөлөнүп Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы балдардын көңүлүн бурду.

Окуучулар карыяларды куттукташты

Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу М. Кудайбердиев атындагы лицейинин 11-классынын окуучулары карыяларды куттукташты. Окуучулар ар бир үйгө киришип, чоң энелерге жоолук, чоң аталарга калпак кийгизишип, гүл сунуп ырдап тартуулашты.

Ак-Чал айылындагы спорт аянтчасы колдонууга берилди

Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылында спорт аянтчасынын курулушу аяктап колдонууга берилди. Буга чейин каражаттын жетишсиздигинен спорт аянтчасынын курулушу токтоп турган.

Т.Айбашев орто мектепттин китеп канасынын абалы начар.

Бул китеп кана курулганына коп жылдар болгон китеп жетиштуу эле бирок китеп кана начар. Айыл окмот депутаттар жаныдан салып беребиз деп айтышкан бирок эч кандай жардам жок.

Ишкер айым элдин тазалыгын камсыз кылууда

Бүгүнкү каарманыбыз Ырыс Алиаскарова айылдык ден соолук комитетинде иштеп жүрүп, Швейцариянын каржылоосу менен долбоор жазып, мончо куруу идеясын ишке ашырган. Бүгүнкү күнгө чейин ал ушул мончону иштетип, айыл элинин тазалыгын …

Үй-бүлөлүк бюджетти туура пайдалануу ийгиликке алып келет

Азыркы учурда көпчүлүк үй-бүлөлөр бюджетин туура пландай албай, ар кандай көйгөйлөргө туш болууда. Мисалы, карызга батып же бир ишти баштоо үчүн каражат таба албай калышууда. Бирок ошол эле учурда үй-бүлөдө …

Ишкер айым Розухан Нарматова

Бүгүнкү биздин каарманыбыз ишкер айым Розухан Нарматова 1 жылдан бери айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылат. Айыл өкмөтү тарабынан ачылган ашканада түрдүү тамак-аштарды жасап эмгек кылат.

Жаш ишкер Мырсейит Нурбай уулу

Азыркы учурда жаштардын  ар кандай ишмердүүлүк менен алек болгону баарыбызга маалым. Жаш болсо да акча табуунун ачуу таттуусун кыйынчылыгына чыдап ийгиликтерге жетишкендери да жок эмес.

Доллар курсунун өзгөрүп туруусу ишкерлерге кандай зыяны тийип жатат?

Доллар курсунун уламдан-улам өзгөрүп туруусу ишкерлердин кээбирлерине пайдысы тийсе, ал эми кээбирлерине залалы тийип жатат. Азыркы учурда доллардын курсу болжол менен 68 сомду түзөт жана ошондой эле Кыргызстанда 23 миӊ …

Кызыл-Булак айылындагы таштанды маселеси

Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында атайын таштанды ташуучу техникалар алынган. Учурда ошол техникалар иштебей турат. Бул боюнча аталган айыл өкмөттүн кызматкери менен маек курдук.

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...