Куланак айылында 8-апрель күнү «Айыл ажары» аттуу сулуулар сынагы болуп өттү. Конкурска 9-10-класстын окуучу кыздары катышып, 9-класстын окуучусу Ырыскүл Адамалиева жеңүүчү аталды.
Куланак, Учкун айылдарынын тургундары жана Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев катышкан жалпы элдик чогулуш Куланак айылынын клубунда болду. Анда көчүп конуу, корук, суу маселелери каралды.
Куланак айылында 7-апрель Элдик революциянын баатыры Рахатбек Кожобековдун жаркын элесине арналган Республикалык турнир 2-апрелде башталды. Буга Кыргызстандын 7 облусунан спортчулар катышып, жалпысынан 260 балбандар келишти.
Жылдагыдай эле Нооруз майрамында мектепте аластоо болду. Быйыл кеченин өзгөчөлүгүн 7-а классы даярдаган концерт болду.
Аралбаев орто мектебинде окуучулар тарабынан даярдалган “Билерман ордо” оюну болуп өттү. Оюнду Айзат Асанова жана Жылдыз Жолдолдошбекова экөө биргеликте, 9-10 класстар арасында уюштурушкан .
22-октябрда мектеп бүтүрүүчулөрүнө кесипти туура тандоо боюнча мастер класс өтүлдү…Бул тренингди Жамааттык Жалпыга Маалымдоо Каражаттарынын Ассоцоиясы уюштуруп берген. Ал эми финансылык колдоо «Немец толкуну»Академиясы тарабынан каржыланды… Бул тренингдин тренери кесиптин …
Куланак айылынын “Танга бийке-Бердике” бала бакчасына 130дан ашуун бала барууда. Бугунку кундо экинчи эне тилибиз болгон балдарга орус тили сабагы отулуудо. Бала бакчанын жетекчисинин орун басары Назира Кыдыралиевага кайрылганыбызда мындай …