Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев орто мектебинин 8-9-10-класстын окуучулары «Манас таануу» таймашына даярданып жатышат. Бул сынакка 7 айылдын мектептеринин окуучулары катышат.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев орто мектебинде мектептин деңгээлин жакшыртуу жана демилгелүү топ түзүү боюнча семинар болуп өттү. Бул семинарды Нурлан Абдразаков аттуу адис уюштурган.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев орто мектебинин 11-класстын окуучуларына Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти Алтынбек Таалайбек уулу университеттин шарттарын тааныштырып кетти.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы балдар бош убактысын асман алдында муз тээп жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар менен өткөрүшөт.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетинин теле-коммуникация факультетинин студенти Бекназар Арыкбаев курстук ишин тартып жатат.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында малдарды дарылоо жана идентификациялоо жүрүп жатат.
Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы маданият үйүндө 8-декабрь күнү айыл өкмөтү тарабынан 3-декабрь “Майыптар күнүнө» карата “Жашоодо болсун кубаныч” деген темада чакан иш-чара өткөзүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
Нарын районундагы Куланак айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Жыргалбек Ашымбаев баштаган тогуз айыл өкмөт өкүлдөрү 6-декабрь күнү келип, жолугушуп, гуманитардык жардамдарын берип кетишти.
Ушул жылдын 22-ноябрында Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылынындагы Иманалиев орто мектепте 6-класстар арасында «Спорт — ден соолуктун булагы» деген темада эстафета оюну болуп өттү. Ал эстафетага окучулар жана ата-энелер катышышты.
Ушул жылдын 17-ноябрь күнү Бишкекте болгон “Эл алдында келет ырдагым” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Аккардеончу айымдар” тобунун концертине М. Иманалиев атындагы орто мектептин музыка сабагынын мугалими Назгүл Эсенгулова катышып келди.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын каналынан саркынды суу чыккандыгы үчүн каналдын 100 метр жери эксперимент катары бетондолуп жатат.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы мечитти оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Аны “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” каржылаган.
Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагында кой-эчкилердин котур оорусун алдын алуу үчүн купкага салуу иштери жүрүп жатат.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын М.Иманалиев атындагы орто мектебинде «Эне тилим — эне сүтүм» аттуу таймаш болуп өттү. Бул таймашта 8-9-класстар ат салышты.
Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан М. Иманалиев орто мектебинде ушул жылдын 23-сентябрнда мугалимдер арасында өрөөндүк спартакиада өткөрүлдү.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы шайлоочулардын тизмеси тактала баштады. Бул тууралуу айылда жайгашкан №4042 шайлоо участкасынын комиссиясынын төрагасы Бакыт Мамырканов билдирди.
Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында мектепти быйыл бүтүргөн Самат Нуркасымов Кытайдын Шандун провинциясындагы Политехникалык окуу жайында билим ала баштады.
Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы мөмө питомнигинде биринчи жолу жемиш бактарды кыйыштыруу иштери жүрдү.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында бала бакча курулуп жатат. Бул бакча “АРИС” уюму тарабынан каржыланып, жалпы 11 500 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын кейиштүү көйгөйлөрүнүн бири таштандылар. Айыл тургундары ар кайсы жерлерге таштанды төгүп, жерлерди булгоодо. Таштанды төгүлчү жер участогу айыл өкмөт тарабынан бөлүнгөн эмес. Аудио: Кызыл-Жылдыз айылындагы …