Сумбула айыл аймагында тынымсыз жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Эгилген мөмө-жемиштердин бардыгын сел жууп кетти.
2020-жылдын 2-майындагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Лейлек районунун Исфана шаар башкармалыгынын Исфана шаары жана Сумбула айыл өкмөтүнүн Сары-Дөбө айылында, чоң сел кетип жергиликтүү тургундарга олуттуу зыян алып келди.
Сумбула айыл өкмөтүнүн Сары-Дөбө айылынын жашоочусунун үйүнө сел кирип жараксыз абалда калды. Жыйырмага жакын үй-бүлөнүн тамаркаларына сел кирип эккен картошка, сабиз, помидор, болгар өстүрүлгөн парниктерин сел алып кетти.
Сел дагы Лейлек районунун Чимген, Самат, Кара-Булак айылдарында да жүрүп айылдардагы таза суу түтүктөрүн, ички жолдорду бузуп кеткен.
Бүгүнкү күндө келтирилген чыгымдын көлөмү жергиликтүү бийлик жана Лейлек райондук администрациясы тарабынан кылдаттык менен эсептелип жатат.
Сумбула айыл аймагында жүргөн селдин кесепетинен жалпы тургундарга 950 000 сомдук зыян келтирилген. Бул жаратылыш кырсыгы адам өмүрүнө зыян алып келген жок.
Фото жана видеолор жергиликтүү элге таандык.
Даярдаган: Абдураим Джураев, Нурислам Жанибеков