Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылынын тургуну Мухаммедали Аскаров эки жылдан бери өзүнө ылайык чакан ишкана менен алектенип келет. Бул ишканасында негизинен инкубатор аркылуу тооктун жөжөсүн чыгарат.
Инкубатордун аппаратын агасынан үйрөнүп, жасап көргөн. Натыйжада жөжө чыга баштаган. Ишеничтүү болгондон кийин өзүнө жөжө чыгарып, андан кийин элдерге жарыя кылып, заказ боюнча жөжөлөрдү чыгара баштаган. Инкубатордон бир чыгарганда сегиз жүз элүү жөжө 22-23 күндө чыгат. Мунун ичинен кандайдыр бир себептен элүү, алтымыш жумурткадан жөжө чыкпай калат.
Өткөн жылы жаңы үйрөнчүк болгондуктан азыраак жөжө чыгарган. Быйылкы жылы иши жакшы болуп жөжөлөрдү көп чыгара баштады. Азыркы убакта эки жолу чыгарды. Заказ көп болгондуктан август айына чейин чыгара берерин айтат. Ар бир жөжөнү чон кичинесине карап, кырк, элүү сомдон айыл тургундарына сатып жатат.
Мухаммедали оор ишке жарабагандыктан ушул чакан бизнесинен түшкөн каражаты менен үй-бүлөсүн багып келет. Ошентип айылда да чакан бизнес пайда болду.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева