Ат-Башы районунда өзгөчө абал узартылды

1-майда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Ат-Башы районунда болду

Иш сапары учурунда облус башчысы жазгы талаа иштеринен кабар алды.
Ошондой эле посттордун абалын көрүп, нөөмөттө туруп жаткан кызматкерлердин тамак-ашы үчүн өкүлчүлүктүн резервдик фондунан 20 миң сом берди.

Мындан кийин штабдын жыйынын өткөрүп, штабдын мүчөлөрүнө коронавирус илдети менен күрөшүү аракеттерин күчөтүү, Ат-Башыда өзгөчө абалы режими 11-майга чейин узартылгандыктан блок-посттордо тартипти бекемдөө боюнча тапшырмаларды берди, бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Даярдаган: Дилде Шатанова