Рамазан айында орозо кармоо мусулмандардын парзы болуп эсептелинет. “Орозо” деген сөздүн мааниси таң аткандан күн батканга чейин жеп – ичүүдөн жана кандайдыр бир нерседен тыйылуу.

“Шариятта зекет жана садака – фитирди чогултуу үчүн абдан чоң маани берилген . XIV жарым кылым мурун фитир – садаканын өлчөмүн болжошкондо ошол учурдагы бардык желчү азыктардын эң кымбаты буудай болгон, ошондуктан буудайдын баасын алышкан. Ар жылы буудайдын баасына жараша 1кг 600гр деп эсептелинет. Быйыл киши башына буудайдын баасына эсептелген баа 35 сом, мейиз 384 сом, ун 60 сом, арпа 54 сом, курма 512 сом берилиши кажет. Садака – фитирди чону кичинесине, аял – эркегине карабастан ар бир жанга жана алты айдан өткөн бойдогу балага да берилиши зарыл. Садака – фитир кимдерге берилет? Муктаж, кедей – кембагал адамдарга берилет», – деп билдирди Сокулук районунун Кызыл –Туу айыл аймагындагы Сагымбай атындагы мечиттин имамы Батырбек Алыбеков ажы.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан белгиленген Рамазан айы 2020 – жылдын 24 –апрелинде башталып 23 – май күнү аяктайт.
Даярдаган: Айсулуу Нурматова