Учурдагы кырдаал учурунда окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында Тогуз-Торо районунун тургуну, студент Генийал Бекташовдун демилгеси менен №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин окуучуларына «Онлайн китеп окуйбуз» темасында сынак уюштурулду.
Бул тууралуу уюштуруучу Генийал Бекташов билдирди. Сынак Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасынын алкагында өткөн. Бул сынакка аталган мектептин 5-класстан жогорку окуучулары катышышкан. Сынактын жүрүшүндө 15 суроо камтылып, ар бир суроого чектелген убакытта гана жооп берүү мүмкүнчүлүгү болгон. Онлайн сынак болгондуктан байгелери да бирлик аркылуу берилген. 1-орун 250, 2-орун 150, 3-орун 100сом өлчөмүндөгү бирдикке ээ болушкан.
Балдардын китепке болгон, кызыгуусун арттыруу максатында Сары-Булуң айылдык китепканачысы Анара Мааметова демөөрчү болуп берди. Сынак биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу мүчүлүштүктөр болбой койбогондугун Генийал Бекташов айтып өттү.
Сынакка катышып биринчи орунду ээлеген 9-класстын окуучусу Мырзагүл Салташова өзүнүн жеңиши менен мындайча бөлүштү:
» Бул сынак эң жакшы сынак болду. Билим өмүр чырагы китеп билим булагы демекчи көп китеп окуу менен биз өзүбүздун дүйнөгө болгон көз карашыбызды өзгөртө алабыз. Бул сынактан 1-орунду алуу мага оңойго турган жок. Себеби кээбир сууролорго кыскача гана жооп берип калдым, убакыт да аз болгон үчүнбү айтор жетишпей калып жаттым. Мен үчүн кызыктуу сынак болду»,- дейт Мырзагүл.
Андыктан сиз да учурдан пайдаланып убактынызды өзүңүздү өнүктүрүү менен өткөрүүнү унутпаныз.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова