Депутаттардын демилгеси менен дезинфекциялоо иштери жакшырды

195

Эл башына кыйынчылык келген чакта жергиликтүү кеңештин депутаттары да четте калбай, өз кызматтарын көрсөтүшүүдө. Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адыл Жусупбеков Талас районунун Талды-Булак айылындагы санитардык-карантиндик блок постко 1 даана жана Талас шаарынын чыгыш тарабындагы блок постко 1 даана жөө адамдар үчүн дезинфекциялоо өткөөлүн орнотуп берди.

Азыр блок посттон зарыл жумушу менен кирип чыккан жарандар дезинфекциялоо каражаттарын колдонуп жатышат. Депутаттардын демилгеси менен “Каныкей, “Ак тилек”, “Адилет”, “Талас”, “Мурас”, “Ширин”, “Кыргыз даамы” кафелери тарабынан блок-постто күнү түнү иштеп жаткан кызматкерлерге түшкү ысык тамак берилүүдө.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева