Эксперттен кеңеш: Уйга чөп болсо эле, ал сүт бере бербейт …

200

Бакыт Мамытканов жыйырма жылдан ашык убакыттан бери мал чарбасы менен алектенет. Ал малды семиртип багуу боюнча өрнөктүү ийгиликтерди жараткан. Тактап айтканда, бир суткада бир малга 3 килограммга чейин салмак кошууну өздөштүргөн. Жакында гана анын Ысык-Көл облусундагы шакирти малга бир суткада 2800 грамм салмак кошууну өздөштүргөн. Бизге берген маегинде ал уйларды багуу, киреше алуунун жол жоболору жана уй ылаңынын алдын — алуу боюнча кеңештери менен бөлүштү.