Подкаст: Баары жакшы болот…

«Айылга арналган өмүр» аттуу подкасттын бул чыгарылышында жаш мугалимдер Ширин Рыскелдиева жана Тураркан Нурдөөлөтова мугалимдик алгачкы жылдардагы кыйынчылыктар, жаңы коллективге көнүү жана ордун табуу үчүн жасалган аракеттер, сүйүү, үй-бүлөдөгү мамилелер тууралуу ой бөлүштү. «Жакшы гана ойлорду ойлош керек. Баары жакшы болот» деген каармандар учурдагы өзгөчө кырдаал бир прогресске алып барат деп ишенишет.

Долбоор Сорос Кыгызстан фондусу тарабынан колдоого алынган жана материалдын мазмуну фонддун көз карашын билдирбейт!

Байланыш даректери: Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы.
+996700181175

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова