Ата-энелерге усулдук жардам көрсөтүүчү сабактар иштелип чыкты

491

Учурдагы кырдаалга байланыштуу, аралыктан билим берүү шартында, окуучулардын үйдө сыналгы аркылуу телесабактар жана мобилдик байланыш аркылуу мугалимдеринин сабактары аркылуу билим алуусуна көз салып, уюштуруу жагы ата-энелердин камкордугунда болуп жатат. Педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, 15 ашуун китептердин автору Гапыр Мадаминов тарабынан, аралыктан билим берүү шартында окуучулардын билим алуусун уюштуруу үчүн ата-энелерге усулдук жардам көрсөтүү максатында “Үй-бүлө мектеби” программасы иштелип чыкты.

 


Бул макалада “Үй-бүлө мектеби” программасынын 1-2 сабактарын сунуш кылабыз.
1- Сабак. Темасы: “Ата-энелер менен баарлашуу сабагы”
Киришүү:
Урматтуу ата-энелер, учур шартына ылайык аралыктан билим берүү шартында, окуучулардын үйдө сыналгы аркылуу телесабактар жана мобилдик байланыш аркылуу мугалимдеринин сабактары аркылуу билим алуусуна көз салып уюштуруу жагы ата-энелердин камкордугуна байланыштуу болуп жатат. Албетте бул убактылуу көрүнүш, ошондой болсо да быйылкы окуу жылынын 4-чейреги аралыктан окутуу ыкмасы менен жүрүп жаткандыктан, окуучулардын билим алуусун уюштуруу үчүн ата-энелерге кээ бир сунуштар менен кайрылмакчымын.
Аралыктан билим берүү шартында окуучулардын билим алуусун уюштуруу үчүн үйдө түзүлүүчү шарттар:
I) Үй-бүлөдө жайдары, жылуу, мээримдүү түз, түшүнүктүү, камкор мамиле орнотуу аркылуу окуучуларга моралдык-психологиялык климат түзүүгө көнүл буруу.
II) Мурда “Энелер мектебин” өткөн болсок, шартка байланыштуу, “Үй-бүлө мектебин” түзүп туруу керек.

Ал үчүн 9 пункттан турган сунуштар берилет:

1) Үй-бүлөдө окуучулар үчүн атайын сабак даярдоочу бөлмө түзүү.
2) Сабак даярдоочу бөлмөдө, сабак даярдоого зарыл болгон шарттарды түзүү аркылуу, ата-энелер тарабынан окуучулардын көңүлүн ошого буруу.
3) Ата-энелер тарабынан ар дайым бөлмөнүн жарыктыгына, таза абанын жеткиликтүүлүгү, жалпы эле санитардык-гигиеналык абалына көнүл бөлүп туруу.
4) Сабак даярдоочу бөлмөнүн сабак өтүүгө шарт түзгөн эмеректер: стол, стул, китеп текче, шкаф стол үстүндөгү чырак (настольная лампа) жана башка менен камсыз болуусуна шарт түзүү.
5) Окуу китептеринин толук болуусу, эгер жетишсиз болсо класс жетекчинин көрсөтмөсү менен билим берүү министрлиги тарабынан сунушталган электрондук китептерди жүктөп алуусу.
6) Энциклопедиялар, сөздүктөр жана башка кошумча адабияттардын болуусу.
7) Эң маанилүүү: телесабактардын, мектеп тарабынан кошумча өтүү үчүн түзүлгөн сабактардын жадыбалын эске алуу менен, балдарыңыздар менен бирге, алардын күндөлүк режимин түзүп чыгуу. Түзүлгөн режимди кагазга жазып, сабак даярдоочу бөлмөгө илип коюу жана аткарылуусуна ата-энелердин көзөмөл кылуусу.
8) Телесабактардын, мектеп тарабынан кошумча өтүү үчүн түзүлгөн сабактардын жадыбалын кагазга чыгарып сабак даярдоочу бөлмөгө илип коюу жана аткарылуусуна ата-энелердин көзөмөл кылуусу.
9) Окуучуларга телевизордун жеткиликтүүлүгүнө, телесабактар көрсөтүлүп жаткан телеканалга туташуусуна, көнүл буруу. Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болуп калса, мугалимдер, соц педагогдор жана жергиликтүү органдар аркылуу тез аранын ичинде бул маселени чечүү.
III) Аралыктан билим алуу жаатында балдар менен ата-энелердин ортосунда конструктивдүү диалог түзүп алууга жетишүү.
Бул максатты ишке ашырууда ата-энелер тарабынан, балдардын аралыктан билим алып жатканына өзгөчө көңүл бөлүп, кызыгып сурап туруусу маанилүү. Анткени балдар ата-эненин мамилесине жараша китепке, окууга, билимге мамиле кылат. Ошондуктан үйдө, чарбада балдар кол кабыш кыла турган жумуштар болуп калса телесабактар, мектеп тарабынан кошумча өтүү үчүн түзүлгөн сабактар бүткөндөн кийин ишке ашыруу сунуш кылынат. Ата-энелер тарабынан аралыктан өтүлүп жаткан сабактар балдар үчүн маанилүү экендиги биринчи орунга коюлса, ошого жараша ата-энелер да иш жүргүзсө, окуучулар үчүн өрнөк болот. Чындыгында эле ошондой болуп жатат. Күн сайын саат 8:30 дан баштап 14:00 чейин окуу процесси жүрүп жатат. Бул деген сөз ушул убакыттар аралыгында, балдарга өзүн мектепте болгондой эле сезе турган шарт түзүү дегенди билдирет. Ушул жагдайды эске алуу менен балдар колдоп, кубаттап көнүл бөлүп кызыгуу билдирип турсаңыздар балдарды жакшы билим алууга шарт түзгөн болосуздар. (1-сабактын аягы)
Г.Мадаминовдун “Үй-бүлө мектеби” программасынын сабактарын электрондук форматка түшүргөн аспиранты Бакытбек Сапаркулов.

2- Сабак. Темасы: “Балдардын аралыктан билим берүү шартында сабакты өздөштүрүүсү”.
Киришүү.
Урматтуу ата-энелер, биринчи сабагыбызды “Ата-энелер менен баарлашуу сабагы” темасында учур шартына ылайык аралыктан билим берүү шартында, окуучулардын билим алуусун уюштуруу үчүн ата-энелерге кээ бир сунуштар менен кайрылганмын жана аз болсо да Сиздерге пайдалуу болду деген үмүттөмүн. 2-сабакта “Балдардын үйдө сабак окуусун түздөн түз уюштуруу, аралыктан өтүлүүчү сабакка катышуу жана сабакты өздөштүрүү боюнча” айрым сунуштарды бермекчимин.
Балдардын үйдө сабак окуусун түздөн түз уюштуруу, аралыктан өтүлүүчү сабакка катышуу жана сабакты өздөштүрүүнү жакшыртуу боюнча:
I) Телесабактардын, мектеп тарабынан кошумча өтүү үчүн түзүлгөн сабактардын жадыбалына ылайык, ачык маанайда, кызыгуу, умтулуу менен дилгирленип, окуучулардын сабакка алдын ала даяр болуп, күтүп калуусуна багыт берүү.
2) Окуучунун окуу куралдары, китептери жана аралыктан байланышты камсыз кылып берүүчү каражаттардын (телевизор, телефон ж.б) окуу процессин баштоого шайма-шай даяр болуп туруусу жана көнүлүн окуудан башка жакка бурбай турган шарттын болуусу.
3) Телесабактардын, мектеп тарабынан кошумча өтүү үчүн түзүлгөн сабактардын жүрүшүндө, окуучу менен катар отуруп, угуп, кызыгып, көнүл бөлүү окуучуга эн жакшы таасир берет. Бул сабактар 15-20 минута эле болот. Окуучулар ата-энем үчүн менин билим алганым өтө маанилүү экен деп ойлоп калат.
4) Берилген тапшырмаларды окуучулар аткарып жаткандыгына байкоо жүргүзүү, жазуу менен аткарылуучу тапшырмаларын аткардыбы?
5) Оозеки аткарууга берилген тапшырмаларды кантип аткарып жатат? Окугандарын түшунүп жатабы? Ата-энелер ушул суроолорго маани берүү керек.
6) Мүмкүн болсо, окуучулардын китепти үнүн чыгарып окуганын угуу, китепти ата-эне өзү колго алып, кээ бир жерин окуп көрүп, окуучунун жаш курагына карап үнүн чыгарып бир абзац, жарым бет же бир бет окугандан кийин, окуучудан түшүнүгүн суроо. Окуу техникасына да маани берүү.
7) Жаздырып көрүү, каллиграфиясына-кол жазмасына да көнүл бөлүү.
8) Түшүнгөнүн айттырып үйрөтүү, тапшырмада формула, эреже, ыр жана башка жаттоо үчүн берилген болсо, жаттаганын айттырып угуп көрүүдө, жакшы сөздөр менен колдоп кубаттап туруу.
9) Таблица, схема, картадан тапшырма берилген учурда, ошолордун аткарылуусуна өзгөчө маани берүү.

Мына ушул жогоруда берилген жагдайларга ата-энелердин окуучу менен кошо сүңгүп кирүүсү окуучуга чоң мотивация берет. Ата-эне канчалык даражада билим берүү процессине жакын болсо, окуучу үчүн ошончолук таасирдүү болот.
Эскертүү: окуучу маселе, мисалды иштей албаса, окуганын толук айтып бере албай калса же башка себептен улам тапшырманы аткара албай калса, сабакты өздөштүрө албай калса, катуу айтпай, жумшак сөз менен, жылуу мамиле аркылуу окуучу үчүн билимдин мааниси зор экенин айтуу керек. Окуучуга сен жөндөмдүүсүн, шыгың бар, буюрса бардыгын түшүнүп аласың, бар болгону бир аз көнүл бургун деп, бизден эмне жардам керек болуп жатат деп кайрылуу керек.Окуучуларга: “силер үчүн эн алдынкы мугалимдер телесабак өтүп жатат, мектеп мугалимдериң канча эмгек менен даярданып силерге сабак өтүүдө, сен бар болгону көнүл коюп эле угушуң керек”- деп кайрылсаңыздар окуучулардын өзүнө ишеними артып, жоопкерчилиги да күчөйт.

Эч качан окуучуну түртүп, катуу сөздөр менен урушпаңыздар!

Бул кырдаал убактылуу эле, буйруса бул күндөр тез эле өтүп кетет. Эң негизгиси окуучу ошол материалдарды укту! Теледен көрдү! Учуру келгенде бардыгы жакшы болуп кетет. (2-сабактын аягы)

Г.Мадаминовдун “Үй-бүлө мектеби” программасынын сабактарын электрондук форматка түшүргөн аспиранты: Бакытбек Сапаркулов

 

Даярдаган: Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиясынын мугалими Бакытбек Сапаркулов