Бала жана акча: Балага акчаны акылдуу башкарууну үйрөтүңүз

304

Көпчүлүк ата-энелер балдарын дүкөнгө алып баргандан заарканат. Анткени, кээ бир балдар курсагы тойгон менен көзү тойбой, таттууларга же оюнчуктарга азгырылаары анык. Бирок, ошол эле учурда кимдир бирөөнүн баласы короого тоок багып, жумурткасын сатып, акча чогултуп жатканын билсеңиз керек. Жаштайынан тың, акчаны ыгы менен колдонгон балдар кандай тарбияланат? Алдыда окуңуз.