Кара-Буура районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана Чернобыль кырсыгынын, Афган согушунун ардагерлерине азык түлүктөр топтомун жөнөтүлдү.
КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жеке каражатынан Кара-Буура районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Бардан Турдалиевге, ооруктун ардагерлерине жана Чернобыль кырсыгынын, Афган согушунун ардагерлерине азык түлүктөр топтомун жөнөттү.
Карантиндик тартип орногон учурда азык-түлүк алуу кары-картаңдарга өзгөчө кыйын эмеспи, мындай маалда жакындан жардам көрсөтүп, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр менен камсыздаган КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевге карыялар ыраазычылык билдиришүүдө.
Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева