Коронавирус оорусу Тогуз-Торо районунда катталган жок

278

Бул тууралуу Тогуз-Торо районундагы Санэпид көзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова билдирди.

“Бүгүнкү күнгө чейин Тогуз-Торо районуна сырттан Турция, Россия, Казакстан, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан келгендердин саны 158 адам болуп, аларды контакттары 563 адам такталып, жалпы үй шартындагы карантинге 721 адам алынган, участкалык медицина кызматкерлери тарабынан үймө-үй кыдырылып медициналык байкоо жүргүзүшүүдө”.

“32 адамдын үй карантин мөөнөттөрү бүтүп, 178 контакттары менен, жалпы 210 адам карантинден чыгарылды. Анализдер 66 адамдан алынып, Бишкек шаарына текшерүүгө жөнөтүлүп жатат, булардын ичинен 39 анализ таза чыкты, 27 анализ текшерилүүдө. Анализ алуу үчүн тампон-пробиркалар Бишкек шаарынан жетиштүү алынып жатат. Жакынкы күнү анализди тез чыгаруучу экспресс-тест келүүсү күтүлүүдө”.

 

“Медицина кызматкерлери коргонуучу костюмдары менен камсыз болду. Обсерватор керектелүүчү жабдуулар менен камсыздалды.

Медицина кызматкерлери оорунун алдын алуу, коргонуучу костюмдарды, каражаттарды колдонуу, пайдалануу боюнча онлайн-семинарларды окууларды өткөрүп жатышат”.

 

“ Алдын алуу иштери токтобостон жүргүзүлүүдө. Райондо эпидемиялык абал туруктуу”,-деди Анара Атыканова.

Тогуз-Торо районундагы Санэпид көзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова

Даярдаган: Анара Мааметова