Кара-Суу Жаштар Ынтымагы тарабынан Сары-Булуң айыл аймагына караштуу, Кара-Суу айылына кары картаң жана ишсиз үйдө отурган айылдаштарга жалпы жаштардын атынан материалдык жардам берилди.
Буга чейин Кара-Суу Жаштар Ынтымагы айылдын бардык көчөлөрүнө ишембилик өткөрүп, айыл тургундарын тазалыкка чакырды. Жаштардын демилгеси менен чогултулган каражатка, беткап тиктирип, айыл тургундарына таркатып берүү менен түшүндүрүү жүргүзүп келишкен.
Мындан тышкары дагы муктаж үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан да жардамдар көрсөтүлүп жатат.
Эмгек жана Социалдык Өнүгүү министрлиги тарабынан Сары-Булуң айыл аймагындагы аз камсыз болгон 139 үй-бүлөгө ун таркатылды.
Даярдаган: Анара Мааметова