Сүлүктүдөгү медицина тармагына коргонуучу атайын каражаттар жардамга берилди

318

Сүлүктү шаары боюнча жеке ишкерлер коомчулукка жана социалдык мекемелерге ар тараптуу жардам көрсөтүү иштерин улантып жатат.

 

«Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна, Сүлүктү шаарындагы «Нуркен» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Замирбек Шадиев, атайын медициналык-коргонуучу комбинезон жана ошондой эле колду дезинфекциалоочу 20 литр антисептикти жардамга берип, жалпы суммасы 99800 сомдук колдоо көрсөттү», — дейт аталган мекеменин директору Асат Ибрагимов.

«Жардамга кол сунган «Нуркен» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Замирбек Шадиевге жалпы медицина кызматкерлеринин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Элибизде ынтымак болсо, биримдик болсо баарын жеңебиз. Кандай гана оорунун алдын алуу эң алгач жарандардын өзүнүн колунда. Жеке гигиенанын сактоо керек, жалпы мамлекетибиз аткарып жаткан эрежелерди аткаруу керек»,- дейт Сүлүктү шаарынын башкы санитардык врачы Мусуратилла Исканов.

 

 

   «Жеке ишкерлерибизге ыракмат, материалдык, моралдык колдоо көрсөтүп жатат. Бизге коомчулуктун чоң жардамы — мамлекет башчыларыбыз, жетекчилерибиз тарабынан сунуш кылынган эрежелерге баш ийип, толугу менен аткарып, сабырдуулук көрсөтүп берсе эле болду, бул кыйынчылыктарда артта калат»- дейт инфекция бөлүмүнүн башчысы Аллакул Эанкулов.

Даярдаган: Барчынай Алимова