Подкаст: «Ата-бабанын салтын эстеп, ойлонууга убакыт келди»

223

Азыркы учурда ата- бабалардан калган салттардын баары өзгөрүп, ар бир той- аштарда колдонулган жөрөлгөлөр барган сайын аша чапкандык менен ысырапкорчулукка алып келип жаткандай.

«Таберик» аттуу кыргыз тилиндеги аудио-подкасттын 3- чыгарылышында Кыз узатуу салты тууралуу маек болду.

Анда алып баруучу менен маектеш мурда кыздарды узатуу салты кандай болгон жана азыр кандай болуп калганын талкуулашты. 3- чыгарылыштын коногу Эл агартуунун отличниги, Президенттин ардак грамотасына татыган ардактуу аксакал Үсөн Бурканбаев азыр салттарды эстеп, ой- толгоо жүргүзүп, илгери ата- бабаларыбыз жада калса нанды кандай урматтап келишкенинен бери эстеп, ойлоно турган убакыт келгенин айтты.

Подкастты толугу менен төмөндө уга аласыз: